«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 11.09.2026
  • |

Таласта 4500 орундуу мечит ачылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы борбордук мечиттин ачылыш аземине катышты. Ошондой эле ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков, Кыргызстан мусулмандарыны Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев баштаган бир катар диний ишмерлер катышты.
Борбордук мечит шаардагы ири руханий борборлордун бири болуп, жергиликтүү тургундар жана шаарга келген коноктор үчүн маанилүү жайга айланат. Төрт кабаттуу мечитте бир учурда 4 500 адам намаз окууга ылайыкталган. Мечитте кенен намаз окуу залдары, диний билим берүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын бөлмөлөр каралган. Мамлекет башчысы мечитти кыдырып, анын жабдылышы менен таанышып чыкты. Аземдин соңунда мечитте Куран окулду.