«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 07.08.2026
  • |

Таласта «Адам жаны аманат» аттуу түшүндүрүү акциясы өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жана Талас облусунун Талас, Манас, Бакай-Ата жана Айтматов райондук хатибияттарынын дин кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте «Адам жаны  аманат» аттуу түшүндүрүү акциясын өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочулар менен жол кыймылынын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол эрежелерин так сактоонун, белгиленген ылдамдык чегинен ашпоонун жана мас абалында унаа башкарбоонун маанилүүлүгү белгиленди. Ошондой эле жол кырсыктарын алдын алуу ар бир жарандын жарандык жана моралдык жоопкерчилиги экендиги айтылып, адам өмүрү Аллах Тааланын аманаты экени эске салынды.

Акциянын алкагында айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугу боюнча атайын даярдалган эскертме баракчалар таратылып, алардын коопсуздук маданиятын калыптандырууга багытталган пайдалуу маалыматтар жеткирилди.

Мындай иш-чаранын негизги максаты – жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, жол кыймылынын маданиятын жогорулатуу жана адам өмүрүн сактоонун маанилүүлүгүн коомчулук арасында кеңири жайылтуу болуп саналат.