«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 15.10.2026
  • |

Уфада «Исламдын идеалдары жана баалуулуктары» аттуу эл аралык конференция өттү

Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын Уфа шаарында «Исламдын идеалдары жана баалуулуктары» аттуу XVII Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында диний билим берүүнү өнүктүрүү жана Евразия мейкиндигиндеги ислам окуу жайларынын кызматташтыгын чыңдоо маселелерине арналган тегерек стол өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн диний башкармалыктарынын, диний билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик органдардын жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн адиси Ибрагим ажы Ильяс уулу жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинен АК мүчөсү Султанбек ажы Ташматов катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө исламдык диний билим берүүнү өнүктүрүү, билим берүү мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашуу, окуу программаларын өркүндөтүү, ислам илимдерин жана араб тилин окутуунун сапатын жогорулатуу, ошондой эле диний чөйрөдөгү радикалдуу агымдарга каршы агартуу иштерин күчөтүү маселелери талкууланды.

Катышуучулар исламдык билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн, илимий жана руханий мурастарды кийинки муундарга жеткирүүнүн, диний билим берүү мекемелеринин өз ара байланыштарын бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Иш-чаранын негизги максаты – Евразия мейкиндигиндеги исламдык диний билим берүү мекемелеринин кызматташтыгын өнүктүрүү, тажрыйба алмашууну кеңейтүү жана руханий-адеп-ахлактык агартууну өркүндөтүү болду.