"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 28.04.2026
  • |

Умра менен алектенген фирмаларга сезонду жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 28-апрель күнү борбор калаада Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы мекеменин аккредитациясынан өткөн туристтик фирмаларга 2025-2026-жылдагы сезонго карата жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүп, атайын сый тамак уюштурду. 2026-жылдагы ажылык сезону башталып, умра зыяраты убактылуу тыным алган учурга ылайык уюштурулган саамалыкта жыл ичиндеги жетишкендиктерге сереп салынып, айрым кемчиликтер талкууланып, зыяратчыларга жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү талкууланды.

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров саамалыкта дин кызматынын пазлиттерине кеңири токтолуп жатып, умрага аттанган зыяратчылардан кармалган нарктаманын 100 пайызы имамдардын айлыгына жумшалып жатканын билдирип, бул багытта муфтият менен тыгыз иш алып барган фирмаларга ыраазычылык билдирсе, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Айбек Иминов бул процесс КР Президентинин тапшырмасын аткаруу алкагында жүргүзүлүп жатканын белгилеп, зыяраттарды уюштуруучу КМДБга жана тиешелүү жобого ылайык иш алып барган жалпы туристтик фирмаларга алкыш айтты.
 
Маалымат иретинде айта кетсек, Кыргыз Республикасынын «Дин эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин «Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Араб Падышалыгына Умра зыяратын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругунун негизинде жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уставына ылайык, Сауд Араб Падышалыгына Умра зыяратын уюштуруу иши системалуу түрдө жолго коюлду.

Азирети Муфтийдин 2025-жылдын 7-июлундагы №109 буйругу менен КМДБнын Умра бөлүмү түзүлүп, бул багыттагы ишмердүүлүк расмий старт алган. Андан кийин 2025-жылдын 12-августунда туристтик компанияларды аккредитациялоо боюнча убактылуу тартип жана комиссия бекитилип, 16-сентябрдан тартып иш алып барган комиссия тарабынан 39 туристтик компания аккредитациядан өткөрүлгөн.

Кийинчерээк, 2025-жылдын 1-декабрындагы №251 буйруктун негизинде убактылуу комиссиянын ордуна Туруктуу мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анын курамына Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин, АКнын алдындагы текшерүү комиссиясынын жана КМДБнын Умра бөлүмүнүн кызматкерлери киргизилген. 

Мындай курам — бул иштин ачык-айкын, мыйзамдуу жана жоопкерчиликтүү жүргүзүлүшүн камсыз кылган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Туруктуу комиссия тарабынан кошумча 7 компания аккредитациядан өткөрүлүп, ошол эле учурда келишим талаптарын одоно бузган 5 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулган. Жалпысынан 46 компания аккредитациядан өтүп, анын ичинен 39 компания активдүү иш алып барган.

Умра бөлүмү тарабынан туристтик фирмалардын ишмердүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, эл аралык аэропорттордо күн сайын көзөмөл уюштурулган. 

Бул процесстерди санариптештирүү жана көзөмөлдү күчөтүү максатында тиешелүү маалыматтык системалар киргизилип, электрондук каттоо жана төлөм механизмдери жолго коюлган. Бул багытта Умра Хадж тиркемеси жана Финик системалары тарабынан техникалык жана программалык колдоо көрсөтүлүп, иштин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошулду.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын февраль айына чейин жалпысынан 52 миң 240 жаран Умра зыяратын өтөгөн.

Финансылык көрсөткүчтөр боюнча жалпы оборот 4 миллиард 882 миллион 538 миң 303 сомду түзүп, анын ичинен КМДБга 388 миллион 157 миң 135 сом каражат түшкөн. 

Жыйынтыктап айтканда, Умра зыяратын уюштуруу тартиби мыйзамдык жана уюштуруучулук жактан жолго коюлуп, финансылык жана уюштуруучулук тартип камсыздалды.

Бул иштердин эң маанилүү жыйынтыктарынын бири — Кыргызстан боюнча имамдардын айлык маяна менен камсыздалышы болуп саналат. Бул — диний кызматкерлердин социалдык абалын жакшыртууга жана алардын коомдогу ролун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Албетте, бул жетишкендиктер — бир гана КМДБнын эмес, жалпы комиссиянын, мамлекеттик органдардын, туристтик компаниялардын жана зыяратчылардын биргелешкен аракетинин жыйынтыгы.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Умра зыяратына барып келген бардык жарандарга, аларга сапаттуу шарттарды түзүп берген туристтик компанияларга, бул процессти мыйзамдаштырууга көмөк көрсөткөн мамлекеттик органдарга жана демилгелерди колдоп келген өлкө жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз.

Аккредитациядан өткөн фирмалар:

1.    ООО "Макка Тревел"
2.    "Ой-трэвел" ЖЧК
3.    "AYYILDIZ" (АЙЙЫЛДЫЗ) ЖЧК
4.    "АТЛАС ТРЭВЕЛ ЛЛС" ЖЧК
5.    "Зиярат КейДжи" ЖЧК
6.    "Лидер Умра тревел эженси плюс" ЖЧК
7.    "Замзам Тревел" ЖЧК
8.    "Мадина Муслим Тур" ЖЧК
9.    "Кызмат саякат" ЖЧК
10.    "Ниет Тревел" ЖЧК
11.    "Хаят Тревел" ЖЧК
12.    "Бейиш Трэвел" ЖЧК
13.    "Кей Джи тревел" ЖЧК
14.    ЖЧК "Фажр-Трэвел"
15.    "Умра Официал" ЖЧК
16.    ОсОО "JAZEERA Travel" (ДЖАЗИРА Трэвел) 
17.    "Ибрахим Тревел" ЖЧК
18.    "Нур Холдинг Компани" ЖЧК ОсОО «Абсолют Умра Трэвел»  №95
19.    "Рахима Трэвел" ЖЧК
20.    «Сапат Умра Тревел» ЖЧК
21.    Корпорация международного туризма и развития детского отдыха "Гарант" ЖЧК
22.    "УМРА-ЗАМЗАМ" ЖЧК
23.    "АСК Трэвел КГ" ЖЧК
24.    "Хижра Тревел" ЖЧК
25.    "Макам Тревел" ЖЧК
26.    "Го ЗАМ ЗАМ" ЖЧК
27.    "Аль Фатих Тревел" ЖЧК
28.    "Нур заман умра" ЖЧК
29.    «Аят Умра Трэвел» ЖЧК  
30.    "Адис холдинг" ЖЧК
31.    "Мекендеш саякат" ЖЧК
32.    "ИХЛАС НУР" ЖЧК
33.    «ТАБЕРИК ТРЕВЭЛ» ЖЧК
34.    ОсОО «Сафа Тревел»
35.    «Дос Умра травел» ЖЧК
36.    «Из Трэвел» ЖЧК
37.    «Хиджаз Холдинг» ЖЧК
38.    «Кербен. Тур кей джи» ЖЧК
39.    “Рахматулла Умра Травел” ЖЧК
40.    «Умма тревел» ЖЧК
41.    ОсОО "Лови Момент Трэвел", "Учурду Колдон Трэвел" ЖЧК