«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» 
(Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Коом | 02.08.2026
  • |

Жалал-Абадда кызматтык автоунаалардын абалы текшерилди

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Мусулмандарынын Дин башкармалыгы (Муфтият) тарабынан түзүлгөн атайын комиссия кызматтык автоунаалардын техникалык абалын текшерүү иштерин жүргүздү.

Текшерүүгө Жалал-Абад облусундагы бардык райондордун башкы имам-хатибдери өздөрүнө бекитилген кызматтык автоунаалары менен катышышты. Аталган автоунаалар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан берилген.

Комиссия текшерүүнүн жүрүшүндө ар бир кызматтык унаанын техникалык абалын, жүрүлгөн аралыгын (пробегин), сырткы жана ички көрүнүшүн, кыймылдаткычынын иштешин, ошондой эле тиешелүү документтерин жана пайдалануу тартибин кылдат көзөмөлдөн өткөрдү.