«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен!
Ислам негиздеринин бири болгон ажылыктын мааниси – белгилүү амалдарды белгилүү убакытта аткаруу, Каабаны зыярат кылуу дегенди туюнтат. Ажылыктын парздыгы Куран менен бышыкталган.
وَاَذِّنْ فِي النَّاسِ بِالْحَجِّ يَأْتُوكَ رِجَالًا وَعَلٰى كُلِّ ضَامِرٍ يَأْت۪ينَ مِنْ كُلِّ فَجٍّ عَم۪يقٍۙ
“Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөнүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет” (Хаж сүрөсү, 27).
Ажыга баруу – Аллага ишенген, балагатка толгон, акыл-эси жайында болгон, ден соолугу чың, эркин адамга фарз. Ошондой эле жолдун коопсуз болушу, сапар учурунда тамак-аш(ка мүмкүнчүлүгү жетиши) жана улоонун болушу же аны ижарага алууга дарамети жетиши шарт. Бул айтылгандар анын турак-жайынан, турмуш-тиричиликке зарыл оокаттардан жана сапардан кайтып келгиче үй-бүлөсүнүн муктаждыктарынан ашыкча болушу керек. Ал эми аялзатына бул шарттардан сырткары, эгер жол 120 чакырымдан алыс болсо, анда күйөөсү же жакын тууганы (махрамы) коштоп барууга тийиш. Булар жок болсо, анда ал аялдан ажылыкка баруу милдети түшөт.
Ажылык ыйык Куран аркылуу бекемделген парз амал.
...وَلِلَّهِ عَلَى ٱلنَّاسِ حِجُّ ٱلْبَيْتِ مَنِ ٱسْتَطَاعَ إِلَيْهِ سَبِيلًۭا ۚ
«...мүмкүнчүлүгү жеткендерге Алла (ыраазычылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү» (Аали Имран, 97).
Ажылык исламдагы беш парздын экенин бири экенин пайгамбарыбыз (с.а.в.) белгилеген:
عَنْ عَبْدِ اللهِ بنِ عُمَر رضي الله عنهما قال: قال رسولُ الله صلى الله عليه وسلم:«بُنِيَ الْإِسْلَامُ عَلَى خَمْسٍ: شَهَادَةِ أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، وَأَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ، وَإِقَامِ الصَّلَاةِ، وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ، وَحَجِّ الْبَيْتِ، وَصَوْمِ رَمَضَانَ] متفق عليه[
Абдуллах ибн Умардан (р.а.) риваят кылынат. Ал мындай деген: Алланын Элчиси (с.а.в.) айтты: «Ислам беш негизге курулган: Алладан башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жоктугуна жана Мухаммад Анын кулу жана Элчиси экенине күбөлүк берүү; намазды толук аткаруу; зекет берүү; байтты (Каабаны) ажылык кылуу жана Рамазан айында орозо кармоо» (Сахихайн).
Ажылыктын парздары:
1. Ихрам
2. Арафатта бир көз ирмем болсо да туруу
3. Зыярат тавафы
Ажылыктын ваажибдери:
1) Курман айт күнү таңга маал Муздалифада туруу;
2) Сафа-Марвада жүрүү;
3) Шайтанга таштарды ыргытуу;
4) Коштошуу тавафын кылуу (алыстан келгендер);
5) Чач алуу;
6) Арафатта күн батканга чейин туруу;
7) Хадия союшун союу;
8) Тартипти сактоо (таш, баш, чач);
9) Таваф зыяратын айт күндөрү кылуу;
10) Чачты Харам аймагында алуу;
11) Хадия союшу айт күндөрү болушу.
Ажылыктын сүннөттөрү:
Тавафта оң ийинди ачуу, тарвия күнү Минада түнөө, Арафат күнү күн көтөрүлгөндө Арафатка чыгуу, курмандыкка оогон түнү Муздалифада түнөө, Арафатта жуунуу, курмандык күндөрү Минада түнөө.
Ихрамга кирүүчү орундар:
Ажылыкты ниет кылган адам ихрамга кирүүчү жайларда (мийкат) ихрамга кириши шарт. Эгер мийкатка чейин кирсе да (ажылык айлары болсо жана ихрам тыюларын сактаса) жарактуу болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) 5 даана мийкат орундарын көрсөтүп берген:
1) Зул-Хулайфа: Мадина тургундары ихрамга кирүүчү жай;
2) Зату Ирк: ирактыктар ихрамга кирүүчү жай;
3) Жухфа: Дамаск тургундары ихрамга кирүүчү жай;
4) Карн: наждыктар ихрамга кирүүчү жай;
5) Яламлам: йемендиктер ихрамга кирүүчү жай.
Ушул 5 орунда жогоруда айтылгандар жана ошол жактан Харамга багыт алгандар ихрамга кирет. Ажы бул орундарга учурабаса, мийкаттын тушунан кирет. Эгер кимдир-бирөө мийкат орундарынан ихрамсыз өтүп кетсе, ага кан чыгаруу милдет болот. Ал эми мийкат менен Харамдын ортосунда жашагандар Хилден ихрамга кирет. Хил дегени мийкат менен Харамдын ортосу. Ал эми Харамда жашагандар ихрамды ажылык үчүн болсо, Харамда кирет. Бирок умра үчүн болсо, Хилден ихрамга кирет.
Өзгөчө абалдагы аялдар тазаланышын күтпөйт. Мындай абалдагы аялдын жуунуга мүмкүнчүлүгү болсо, тазалык үчүн чайканып, чачын тарап, ихрам намазын окубай эле ажылыкка же умрага ниет кылат да, талбия айтат. Ал Меккеге кирген соң тазаланганга чейин Каабаны таваф кылбайт. Качан этек кири токтосо, гусул кылат жана тавафын өтөйт.
Кыргызстандан барган зыяратчылар таматтуъ ажылыгын кылгандыктан, мийкат орундарда же ага чейин умрага ниет кылып, талбия айтып, ихрамга кирет да, умрасын өтөйт.
Умра эмне?
Умранын сөздүктөгү мааниси – зыярат. Анын өкүмү – өмүрдө бир жолу аткаруу – бекемделген сүннөт (суннату муаккада).
Ал 2 фарз, 2 ваажибден турат. Фарздары – ихрам жана таваф. Ал эми ваажибдери – Сафа-Марва ортосунда жүрүү жана чач кыруу/кыскартуу. Умра ихрамынын тыюулары да ажылыктагыдай эле. Мийкат орундары да дал ошондой. Кичи ажылыкта кудум жана коштошуу тавафтары жок. Ошондой эле умра үчүн белгилүү убакыт жок. Бир гана зул-хижжанын 9 унан ташрик күндөрүнүн аягына чейин аткаруу – тахрим-и макруух. Анткени бул учурлар ажылык кызуу аткарылып жаткан учур болуп эсептелет.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси