«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Окуя чыныгы турмушта, ал тургай биздин чөлкөмдө болуп өткөн дешет...
Жайдын жагымдуу күндөрүндө достор чогулушат. Достор топтолгондо каткырык, тамаша, күлкү эң жогорку чегине жетет эмеспи. Бул жолу да ошондой болду. Бир кыйла бөтөлкөлөр бөскөрөт. Кызылдан ичип, жүздөрү кызарган достордун тамашасы таш жарып, каткырыгы баш жарат. Ошол учурда кызыл сабизден титирете аш басылып, дасторконго коюларда бир такыбараак жигит: «Мына, кудай буюрса ашка тоёбуз», – дейт.
Төр тарапта олтурган күржүйгөн жигит жөн турбай, «кудай каалабаса да ашты жейм» – деп карсылдап каткырык салат. Олтургандар күлүп калышат. Жанагы жигит ыңгайсыздана, «Кой, антпе дос» деген болот.
Буруксуп аштын деми айлананы каптап, ортого тартылат. Айрыкча казандын түбүндөгү сары майга чызырап, күрүчтөрдүн алдында бышкан устукан олтургандардын шилекейин чубуртат. Жанагы төрдөгү жигит устуканды ала коюп, бычак менен майдалап туурап кирет.
Жайдын күнү чымын-чиркей көп болот эмеспи. Так ошол учурда этти туурап жаткан жигитке бир чымын дыңылдап учуп келип, моюнуна коно калат. Алиги жигит ачуулана бычактын учу менен шилтеп жиберет. Баары заматта болуп өтөт да, урулган бычак өзүнүн тамагындагы күрө тамырды шылып кетет. Бычактын уусу оңдурмакпы, ал мүрт кетет.
Кудай каалабаган экен, байкуш пенде аштын даамын татпай кете берген тура...
Сабак: Эч качан кудайдан улук сүйлөбөйлү...
Ал каалаган гана нерсе болот.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, «Калык уулу Абсаттар» мечитинин имамы