«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 01.04.2022
  • |

БИР АЯТТЫН САЛМАГЫ

Алла Таала Ыйык Куранда мындай дейт:

يَٓا اَيُّهَا الَّذٖينَ اٰمَنُٓوا اِنَّمَا الْخَمْرُ وَالْمَيْسِرُ وَالْاَنْصَابُ وَالْاَزْلَامُ رِجْسٌ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ فَاجْتَنِبُوهُ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

Оо, ыйман келтиргендер! Чындыгында, арак, кумар оюндары, буттар үчүн тургузулган таштар жана төлгө атуучу жебелер — шайтандын иштеринен болгон ыплас нерселер. Андыктан алардан алыс болгула, ошондо ийгиликке жетесиңер.
(Маида сүрөсү, 90)

Исламда диний милдеттерди адамдарга жеткирүүдө жана инсанды тарбиялоодо баскычтуулук, башкача айтканда, кадам сайын, акырындык менен илгерилөө ыкмасы өзгөчө мааниге ээ. Айрыкча коомдо тамыр жайып, көнүмүш адатка айланып калган көрүнүштөрдү бир заматта түп-тамыры менен жок кылууга аракет кылуунун натыйжасында пайда боло турган олуттуу силкинүү эске алынып, айрым буйрук жана тыюулар баскыч-баскычы менен жеткирилген. Муну менен бирге алардын максатын түшүнүүгө жана жүрөккө сиңирүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Хазрети Айша (р.анхаа.) бул маселени төмөнкү сөздөрү менен абдан таамай жана кыскача баяндаган:

«Эгер Курандын алгачкы аяттарынын эле ичинде: “Арак ичпегиле” жана “Зына кылбагыла” деген өкүмдөр келгенде, адамдар Расулуллахтын айланасынан тарап кетишмек» (Бухари, «Фазаилул-Куран», 6).

Исламдын алгачкы карлыгачтары болгон коомдо кеңири тараган аракечтик жана кумар оюндарына карата да ушул ыкма негиз кылынган. Адегенде адамдарга алардын зыяндуулугу жана жамандыгы тууралуу ойлонуп, өз алдынча жыйынтыкка келүүгө мүмкүнчүлүк берилген.

Ошол эле учурда акыркы жана так тыюулар киргизилгенге чейин ыймандын бекем негиздерге таянышы камсыз кылынган жана Аллахтын буйруктарына толук баш ийүү зарыл экендиги жөнүндөгү түшүнүк адамдардын аң-сезимине жана жүрөгүнө бекем орнотулган.

Ушундай ыймандык негиз калыптанып, руханий жана акыл-эс жагынан даярдык толук бүткөндөн кийин, бул аяттар аркылуу арак менен кумарга так жана биротоло тыюу салынган. Натыйжада белгилүү бир тыюунун айланасында коомдук аң-сезимди жана жалпы жоопкерчиликти калыптандыруу жагынан адамзат тарыхында теңдеши жок ийгиликтүү натыйжага жетишилген.

Буга салыштырмалуу, мисалы, Америка Кошмо Штаттарында 1929-жылы мамлекет тарабынан анын бардык мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылып, арак ичүүгө тыюу салуу аракети жүргүзүлгөн. Бирок бул үчүн эбегейсиз чоң материалдык каражаттар жумшалып, өтө катаал жазалар колдонулганына карабастан, мындай аракет ийгиликсиз аяктаган. Анткени ал жерде мындай тыюуну кабыл алууга негиз боло турган ыймандык негиз калыптанган эмес. (Ушундай эле саясат СССР тарабынан да жүргүзүлүп, ийгиликсиз болгону маалым – кот.).

Тафсирлерде арак ичүүгө жана кумар ойноого биротоло тыюу салган аяттын түшүү себеби катары бир нече окуя баяндалат. Табари бул окуяларды келтиргенден кийин, кыскача мындай дейт: бул аяттын түшүшүнө Азирети Умардын (р.а.) арак жөнүндө биротоло өкүм түшүшүн тилеп, Аллага жалбаруусу себеп болгон болушу мүмкүн. Же арак ичилген тамактан кийин чыккан талаш-тартыштын натыйжасында Саъд ибн Абу Ваккастын (р.а.) кол салууга кабылып, мурду жарылышы себеп болушу ыктымал. 

Ошондой эле кимдир-бирөөнүн кумар оюнунда байлыгынан ажырап калышы чоң кастыкка алып келген окуя да себеп болушу мүмкүн. Булардын кайсынысы так себеп болгонун аныктай турган чечүүчү далил жок. Бирок бир нерсе анык: аятта аталган иштерден жана башка тыюу салынган нерселерден бардык жоопкерчилик жүктөлгөн адамдардын баш тартуусу талап кылынган («Арак» деп которулган хамр жана «кумар» деп которулган майсир сөздөрүнүн мааниси, ошондой эле Куранда арак менен кумарга тыюу салуунун баскычтары тууралуу маалымат үчүн караңыз: Бакара 2/219; Ниса 4/43; о.э. «хамр» жөнүндө кошумча маалымат катары караңыз: Бухари, «Ашриба», 1–6).

Жогорку аяттан кийин Алла Таала мындай деп буйруйт: 

اِنَّمَا يُرٖيدُ الشَّيْطَانُ اَنْ يُوقِعَ بَيْنَكُمُ الْعَدَاوَةَ وَالْبَغْضَٓاءَ فِي الْخَمْرِ وَالْمَيْسِرِ وَيَصُدَّكُمْ عَنْ ذِكْرِ اللّٰهِ وَعَنِ الصَّلٰوةِۚ فَهَلْ اَنْتُمْ مُنْتَهُونَ

Шайтан арак жана кумар аркылуу араңарга душмандык менен жек көрүүнү салууну, силерди Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну гана каалайт. Эми булардан баш тарттыңарбы?
(Маида сүрөсү, 91)

Жогорку аятта арак менен кумарга биротоло тыюу салынгандан кийин: «Шайтан арак жана кумар аркылуу араңарга душмандык менен жек көрүүнү салууну, силерди Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт» деп айтылып, алардын адамдын адеп-ахлагына жана диний жашоосуна тийгизген зыяндары эске салынган. Андан соң бул тыюуларга коомдук же мамлекеттик басым сыяктуу тышкы себептерден улам эмес, ыйман келтирген жана анын тууралыгына ынанып кабыл алган мусулман катары баш ийүү зарылдыгы баса белгиленип: «Эми булардан баш тарттыңарбы?» деп айтылган.

Аятта «шайтандын ишинен болгон ыплас нерселер» деп мүнөздөлгөн арак менен кумардын адамдын руханий жана дене саламаттыгына тийгизген терс таасирлерин жөнөкөй адамдардын күнүмдүк байкоолору жана турмуштук тажрыйбасы аркылуу эле оңой аңдоого болот. Ошондой эле эксперименталдык илимдин алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр аркылуу бул маселеге байланыштуу көптөгөн маанилүү жагдайлар дагы терең изилденип, аныкталууда.

Ошондуктан аятта арак менен кумардын ден соолукка тийгизген зыяндарынан көбүрөөк алардын коомдук жашоого салган жараатына жана диний жашоого тийгизген соккусуна басым жасалган болсо керек.

Чындыгында, адамзат арак менен кумарга салыштырмалуу кыйла кыска убакытка созулган тажрыйбанын негизинде эле тамекинин дене жана рух саламаттыгына, ошондой эле экономикага олуттуу зыян келтирерин түшүнүп, ага каршы олуттуу жана уюшкан күрөш жүргүзүүгө багыт алганы менен, арак менен кумарга келгенде алардын ушул гана жагын эске алып, башка пайда же ырахаттар үчүн келтирген зыяндарын көтөрүүгө мүмкүн болгон нерсе катары көрүп, же жок дегенде бул маселеде кыйла пассивдүү позицияда калганы байкалат. Бул жагдай Курандын маселеге дал ушул өңүттөн басым жасашын түшүнүктүүрөөк кылат жана адамзаттын вахийдин нуруна болгон муктаждыгын дагы бир жолу айкын көрсөтүп турат.

Көптөгөн үй-бүлөлөрдүн бузулушуна себеп болгон, достуктарды кыйратып, алардын ордуна кастыкты орноткон жана коомду ичинен акырындык менен жеп бара жаткан бул эки илдетке байланыштуу аятта көңүл бурулган негизги маселелер төмөнкүлөр: бир жагынан, мурда болбогон душмандыкты пайда кылып, бар болгон кастыкты күчөтүшү; экинчи жагынан, адамдын Раббисине жакындашына жана Анын алдындагы милдеттерин аткарышына тоскоол болушу. Мунун натыйжасында адамдын өзүн-өзү көзөмөлдөө жөндөмү алсырайт же таптакыр жоголот.

Арактын айрым пайдалары бар экендиги жана аны ченеми менен колдонгон учурда жогоруда айтылган зыяндардын алдын алууга болот деген пикир айтылышы мүмкүн. Бирок зыяны пайдасынан көп болгон, аны көзөмөлдөө да мүмкүн болбогон нерсени жана ага байланышкан көнүмүш адатты жок кылуунун бирден-бир жолу – так жана жалпы тыюу салуу. Ислам дини да дал ушул жолду тандаган.

«Тигилген таштар» дегенде арабдардын буттардын урматына курмандык чалуу үчүн Каабанын айланасына тик тургузулган таштары түшүнүлөт (Табари, VI, 75). Башка бир түшүндүрмөгө ылайык, бул жерде алдында курмандык чалынган буттардын өздөрү айтылган (Ибн Атыйя, II, 232).

Ал эми «бал атуучу жебелер» – Жахилият доорундагы араб салтында кандайдыр бир маанилүү ишке киришүүдөн мурда, ал иштин аягы жакшылык менен бүтөр-бүтпөсүн билүү максатында колдонулган жебелер. Бул жебелер аркылуу жасалган ырым-жырымдар кумар менен байланыштуу болуп, таухид ишенимине туура келбеген көрүнүштөр эле.

Алладан башка бирөөгө сыйынуу түшүнүгүн эске салган жана адамдын аракет кылуу, демилге көтөрүү рухун эч кандай негизге таянбаган ишенимдерге байлап койгон мындай көрүнүштөр да арак менен кумарга тыюу салынгандан кийин эле аталган. Алар Улуу Аллах ыраазы болбогон жана момунга жарашпаган ыплас иштерден деп эсептелген (дагы караңыз: Маида 5/3).

Көптөгөн мусулман өлкөлөрдө кездешкен ыйык деп эсептелген жайларга арнап назир кылуу, ошондой эле диний аалымдардын же улуу инсандардын мүрзөлөрүнүн жанында назирлик курмандыгын чалуу сыяктуу чектен ашкан(!) көрүнүштөрдү да көз жаздымда калтырбоо керек. Анткени мындай иштерди жасагандар аятта эскертилген кооптуу түшүнүккө жакындап калышы мүмкүн. Мындай амалдар жакшы ниет менен жасалган күндө да, жетиштүү диний билими жок адамдардын өздөрү байкабастан таухид ишениминен четтеп кетишине алып келиши ыктымал.

Азыркы коомдордо билим деңгээлинин жогорулашына жана табигый илимдер жаатындагы эбегейсиз чоң жетишкендиктерге карабастан, негизсиз жана жалган ишенимдерге таянуу сандык да, сапаттык да жактан олуттуу деңгээлде сакталып келе жатат. Ошондой эле эмгектенип, аракет кылып байлык табуунун ордуна, үмүтүн жана келечегин күтүүсүздөн байып кетүү кыялына байлап коюуну кадимки көрүнүш катары кабыл алган лотереялык аң-сезимдин кеңири жайылышы да муну көрсөтүп турат.

Мунун баары туура жана сергек диний билимдин, ошондой эле диний тарбиянын канчалык маанилүү экенин ачык-айкын далилдейт. Ошондой эле адамзат сыртынан караганда өтө жөнөкөй көрүнгөн айрым чындыктарды аңдап түшүнүшү үчүн вахийдин жарыгына болгон муктаждык белгилүү бир доор же мезгил менен эч качан чектелбей турганын көрсөтөт.

Демек, бул аяттардагы эскертүүлөр алар түшүрүлгөн күндөгүдөй эле бүгүн да маанисин жана актуалдуулугун толук сактап турат.
 

Булак: «Куран жолу» тафсири, 2-том, 336–340-беттер.

 

Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын кадр, катчылык жана маалымат адиси