«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Абдуллаахунов Абдуллажан Максым 1928-жылы Кытай Эл Республикасында туулган. 1970-1974-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казысы кызматын аркалаган. Динге каршы атеисттердин кысымдарына карабай, жашыруун түрдө көптөгөн шакирттерди дин жолунда окутуп, тарбиялоого жетишкен. Абдуллажан Максым казы иштеп турган учурда Ташкенттеги муфтийдин буйругу менен Африка, Марокко өлкөлөрүнүн мамлекетине Москва, Казань, Ташкент шаарларына иш сапары менен барып турган.
Абдуллажан Максым 1983-жылы Жалал-Абад шаарында дүйнөдөн кайткан.