«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы Азирети Муфтийи, белгилүү кыргыз аалымы Чубак ажы Жалилов 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Тажибай Жалилов математика, энеси англис тили мугалими болгон. Чубак ажы үй-бүлөдөгү алты баланын экинчиси болгон.
1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарында жайгашкан Умм аль-Куро эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары ушул эле университетте фикх багыты боюнча билим алган.
1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде араб тили окутуучусу, 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатвалар бөлүмүнүн башчысы жана Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу, 2010-2012-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп эмгектенген.
Чубак ажынын китеп фонду болжол менен он миңдей китепти түзгөн. Алардын көпчүлүк бөлүгү фикх, акыйда жана ислам тарыхы, кыргыздын көркөм адабияты жана тарыхы боюнча китептерден турган. Өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстанды кыдырып, ислам аалымы катары шарият боюнча дарстарды окуп, ар кандай суроолорго жооп берип, ислам шариятынын негизинде калктын турмуштук көйгөйлүү маселелеринин чечилүүсүнө жардамын берип келген. «Аят», «Тамчы» газеталарына макалаларды жазып, социалдык тармактарды активдүү колдонуп турган.
Араб жана орус тилдерин билген.
Жугуштуу оорунун кесепетинен 2020-жылдын 9-июлунда кайтыш болуп, сөөгү өзүнүн туулуп-өскөн айылына коюлган.
Муфтиятpress