«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 13.04.2024
  • |

НАЗАРБЕК УУЛУ МОЛДО МАКСУТ КАЗЫ

Молдо Максут казы Назарбек уулу 1900-жылы Алай районунун Жылуу-Суу айылында диний үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы Назарбек Калпа диний ишмер болуу менен катар, дары чөптөрдөн ар түрдүү дарыларды жасап, көптөгөн ооруларды айыктырган белгилүү табып (дарыгер) болгон жана уулу Максутка дин илимин жаш кезинен эле тереңдетип үйрөткөн. 

Кийин, Совет бийлигинин диний аалымдарга карата кысым көрсөтүү саясаты тоолуу Алай жергесине жетип, 1923-жылы атасы Назарбек Калпа “Эл душманы” деген жалаа менен камакка алынып, Сибирге айдалып кеткен. Назарбек Калпа ошол бойдон элине кайтып келбей, адилетсиз саясаттын курмандыгы болгон. Молдо Максут казы Алай жергесиндеги Молдо Ибрагим аалымдын колунда таалим алып, кийин Өзбекстандагы кыргыздар жашаган Дардак айылындагы медреседен илим алуусун уланткан. Тогуз жашка толгондо Бухара шаарындагы медреседен тогуз жыл билим алган. 

1918-жылы кызыл аскерлер тарабынан Бухара Эмираты кулатылып, диний ишмерлер куугунтукка алына баштаганда, Бухара шаарынан качып чыгып, жөө-жалаңдап жүрүп, мекенине кайтып келген. Ал Ыйык Курани Каримди жатка билген. Согуш жылдарында, мекенди коргоо Ислам дининде эң ыйык милдеттердин бири экенин элге түшүндүрүп, колхоздо эмгектенген. Согуш бүткөндөн кийин элди уюштуруп, өзүнүн бар каражатын кошуп, райондун борбору Гулшаа (Гүлчө) айылына мечит куруп, өзү райондун имам-хатиби болуп иштеген. 

1950-жылы Кыргызстан мусулмандарынын казылык кызматына дайындалган. Ошондон баштап эл аны Молдо Максут Казы деп атап калышкан. Экинчи жолу кайрадан 1968-жылдан 1970-жылга чейин казы болуп иштеген. Молдо Максут Казы 1954-жылы ажыга барган. Максут Казы Орто Азия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аалымдар Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон. 

1958-жылы Москва шаарында бүткүл дүйнөлүк диний конференция болуп, ага ОАМДБнын Муфтийи Зиауддин Каары Бабахан уулу, Кыргызстандан Ажы Молдо Максут казы барган. Конференциянын жүрүшүндө Араб мамлекеттеринин биринен келген өкүл: “СССРде дин кысымга алынып, диний ишмерлер куугунтукталып, кеңири диний билим алууга тыюу салынган. Силер намаз окуйсуңар, бирок анын маанисин түшүнбөйсүңөр. Жаттап алып окуй бересиңер. Ислам дини боюнча толук илимиңер жок”, – деп доомат коёт. Залда отурган Максут Казы колун көтөрүп сөз сурап, трибунага чыгып, таза араб тилинде, Исламдын тарыхы жана шарият жөнүндө, учурда динге болгон кысым бошоңдоп бир топ жеңилдик берилгендиги, Орто Азия жана Казакстанда диний аалымдардын болгон муктаждыгын канааттандыруу максатында Бухара шаарында Ислам медресеси ачылып, анда республикалардан талабалар билим алып жатышкандыгы, ар бир райондун борборунда бирден мечит иштеп жаткандыгы жана аларда жума жана айт намаздары окулуп тургандыгы жөнүндө айткан. 

Диний жетекчилердин катышуусундагы жыйындарда алгачкы сөз муфтийге берилип, андан кийинки эле сөз Максут казыга берилип турган. Себеби, Максут казынын илим-билими, такыбалык деңгээлинин бийиктиги жана сөзгө чечендиги ар кандай орундарда өз орду менен далилдүү, маани-маңыздуу мыкты сүйлөй тургандыгы менен башка аалымдардан өзгөчөлөнүп турган. Кайсы бир жерде Максут казыга сөз берилсе, анын сөзүн уккан сайын элдин уккусу келип, сөзүнө уюп, убакыттын кандай өткөнүн унутуп коюшчу экен. “Молдо Максут казы илими өтө терең, сөзгө чебер, чечен, нурдуу, жылдыздуу мыкты аалым киши болгон. Ал Орто Азия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдындагы уламалар кеңешинин туруктуу өкүлү жана Бухара шаарындагы медресенин кабыл алуу жана бүтүрүү экзамендеринде экзамендик комиссиянын мүчөсү болгондуктан, Орто Азия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын коомдук жана эл аралык иш-чараларына такай катышып турган. 

1975-жылы ден соолугуна байланыштуу ардактуу эс алууга чыккан. Кыргызстан мусулмандарына опол тоодой эмгек өтөгөн Назарбек калпа уулу Максут казы он эки перзенттүү болуп, аларды да дин илимине сугарып өстүргөн. 1978-жылы 78 жашында каза болуп, өз айылы Жылуу-Сууда сөөгү жерге берилген. Назарбек калпа уулу Максут казынын Максутов Жусуп деген уулу ата жолун улап, Алай районунда тогуз жыл баш имам-хатиб болуп кызмат кылган. Экинчи уулу Максутов Иляс Бухарадагы «Мир Араб» медресесинде окуп келгенден кийин, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында муфтийдин орун басары, Ислам институнун ректорлук кызматтарында бир канча жыл иштеген.
 

Муфтиятpress