«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 01.09.2026
  • |

ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН ЗИЯИДИН КАРЫ

Ала-Тоонун булбулу, устаздардын устазы, мукам үндүү кыргыз карысы, хафиз Атабаев Зияидин Абдирайимович 1963-жылдын 21-майында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында диний аалымдын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Абдирайим кары аймакка белгилүү аалым жана мыкты кары болсо, апасы Рабия да динге жана салтка бекем, такыба жана сарамжалдуу аял болгон.

1970-жылы Өзгөн районундагы «Комсомол» орто мектебине кабыл алынган. 1985-жылы Кара-Кулжа районуна которулуп, ошол жактан мектепти аяктаган. Орто мектепти бүткөндөн кийин өз күчү менен медициналык институтка өткөн. Бирок аны окубай, дин илимин алуу үчүн Ташкентке аттанган. Алгач 1981-1984-ж.ж., кийин 1986-1990-ж.ж. Бухарадагы айтылуу «Мир-Араб» медресесинде окуган. Ортодо 2 жыл аскердик кызматын өтөгөн. 

Зияидин кары Атабаев 1991-жылы борбордук мечитте наиб-имам болуу менен эмгек жолун баштаган. Ошол эле учурда Кара-Балта шаарында башкы имам хатибдикти аркалоо менен шаардык медреседе устаттыкты да аркалаган. Кийинчерээк борбордук мечиттин имам-хатиби болуп эмгектенген. 2000-жылдардан тарта көп жылдар бою Бишкек шаарынын башкы имам-хатиби болуп эмгектенген. 

Диний билим берүүгө басым жасаган Зияидин кары Кыргызстан Ислам университетинде дээрлик 30 жыл бою окутуучулук кесипти аркалаган. Ал Кыргызстанга белгилүү аалымдарга Куран боюнча сабак берген. Мисалы, Чубак ажы Жалилов, Максат ажы Токтомушев, Нематулла ажы Жээнбеков  сыяктуу Кыргызстанга белгилүү дин аалымдарынын устаты болгон. Зияидин кары Куран боюнча 7 кыраат, 10 макамда чебер окуй алган. 

Ошондой эле Куран конкурстарына катышып, Кыргызстанды таанытып келген. Алсак, 1991-жылы Ташкент шаарында өткөн КМШ өлкөлөрү арасында өткөн эл аралык сынакта I орунду ээлеп, ажылыкка жолдомо утуп алган. Кийинки жылы Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн Куран жарышына катышып, ал жерден да I орунга татыктуу болуп, алтын саат тагынган. Дүйнөлүк Куран конкурсунун жеңүүчүсү катары малай ЖМКларына чыккан.

Кийинки жылдардан тарта дүйнөлүк деңгээлдеги Куран конкурстарына калыстык кыла баштаган. Алсак, 1993-жылы ошол эле Малайзияда өткөн дүйнөлүк Куран конкурсу боюнча махраж (тамганы туура айтуу) жана тажвид (эреже менен так окуу) боюнча жюрилик кылган. Калыс катары Мисир, Орусия, Пакистан ж.б. өлкөлөргө чакырылып турган. Мындан сырткары чет өлкөлөргө Куран окуп берүү үчүн ардактуу конок катары да көп чакырылган.

2018-жылы борбордук Сарахси мечитине имам-хатиб болуп дайындалган. Бирок андан көп өтпөй жол кырсыгына кабылып, арадан 2-3 күн өткөндөн кийин акка моюн сунган.

Зияидин кары Атабаев турмушта сүйүктүү жар, камкор ата болуп, жубайы Матосмонова Алтынбү экөө 11 перзентти татыктуу тарбиялаган. Уул-кыздары ата жолун жолдоп, Куранды жат кылышкан. Балдарынын ичинен Мухаммадали Куранды уккулуктуу окуу боюнча чоң ийгиликтерди жаратып келет.

Кыргыз карыларынын эл аралык жана дүйнөлүк деңгээлге чыгуусунда көч башы болгон Зияудин кары эл эсинде кала берет.


Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси