“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Өткөн кылымдагы белгилүү кыргыз карысы Эрмек кары Машрап уулу 1898-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Сөгөт айылында жарык дүйнөгө келген. 1910-жылы 12 жашында илим алуу максатында Кокон шаарына аттанган. Ал жерде 2 жылдай окуйт. Андан соң айылына кайтып келсе, атасы да, апасы да кайтыш болуп калган болот. Кайгысын жутуп, жүрөгү тилинген жаш кары илимин тереңдеткени Өзгөн шаарына аттанат. Анткени бул шаарда Макка-и Мукаррамадан окуп, Курандан ижааза алган Давутхан төрө аттуу мураттаб-кары турар эле.
Эрмек кары айтылуу Давутхан төрөгө шакирт түшөт. Ошентип тарыхы жана маданияты бай Өзгөн шаарында Куранды толук жат кылып, шаардагы мечиттердин биринде имам болуп дайындалып иштеп калат.
Кийин тарыхтан маалым болгондой, колонизаторлор келип, жалпы диний коомчулукка; эшен-калпаларга, аалымдарга, карыларга кысым башталат. Бул кысымдын эпкини Эрмек карыга да тиет. Ал өзү туулуп-өскөн айылы Кара-Сөгөткө келип, баш калкалайт. Кеңеш өкмөтү «айылда дин адамы бар» дегенди угуп, бул жерде да тынч койбой, аны кармап кетет. Арадан 6 ай өткөн соң акталып, кайра айылына келет. Ошентип өз айылында жумушчу болуп иштеп туруп калат.
1950-60-жылдары Алайдан чыккан Максут казы менен Ташкент шаарына аттанат. Өз кезегинде Максут казы экөө дос болгон. Ташкентте өткөн мусулмандардын ири жыйналышында Куран окуп, кыраат кылат. Жыйынга катышкан аалым-молдолор Даутхан төрөнүн кырааты окулуп жатканына абдан таң калып, кызыгуу менен угушат. Куран окулуп бүткөн соң көпчүлүк жабылып, Эрмек кары менен учурашышат. Мына ушул жерде Эрмек кары менен чогуу окуган карылар да бар эле.
Эрмек кары ошол жердеги досторунун өтүнүчү менен Маргалаң, Анжиян, Парганада, алтургай Наманганга чейин барып, Курандан сабак берип турган. Окутуу албетте, ошол кездеги шартка ылайык, жашыруун түрдө, үжүрө тартибинде жүргүзүлгөн. Учурда Кыргызстанга таанымал аалым-молдолор: Молдо Шакир, Молдо Талыб, молдо Умаралы, Молдо Надыр, Молдо Камылжан ж.б. Эрмек карынын шакирттери болушкан.
Мына ушундайча, өмүрүн Куранга арнаган, «Орто Азия булбулу» деген атка конгон Эрмек кары Машрап уулу 1980-жылы 82 жашында өзү туулуп-өскөн Кара-Сөгөт айылында кайтыш болгон. Учурда карынын балдары жана неберелери анын жолун жолдоп, кыраат боюнча өзгөчөлөнүп келет.
Карынын үй-бүлөсү боюнча да токтоло кетели. Анткени узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанылган карынын үй-бүлөсү окурмандарга кызык болсо керек. Эрмек кары Өзгөндө имамчылыкты аркалап жүргөндө жергиликтүү жамаат 18-20 жаштагы карыны ой-боюна койбой үйлөндүрүшөт. Андан бир уулдуу болот. Кийин өз айылына зыяратка барса, бул жактагы айылдаштары да үйлөндүрүп коюшат. Ошентип айылда бир жылдай туруп калып, кайра Өзгөнгө жол тартат. Бул аралыкта алгачкы колуктусу өтүп кеткен болот. Уулун Өзгөндөгү кайын журту «биз эле карайлы, кызыбыздын табериги, бала бизде калсын» деп алып калышат. Тилекке каршы, 4-5 жашка чыккандан кийин ал бала да кайтыш болуп калат. Бирок кайын журту байланышты үзбөй, тууганчылыкты бекемдеп, кечээги күндөргө чейин катташып турганын Эрмек карынын жакындары эскеришет.
Кары кара-сөгөттүк жубайынан 3 уул, 1 кыз көрөт. Улуусу Турдумухаммед кары ата жолун жолдоп, жаштайынан карылыкка бел байлаган. Аны кары өзү окутуп, 7 пара Куран жаттаткан. Турду кары ата ордун басып, айылда көп жыл молдочулук кылып, 73 жашында акка моюн сунган. Андан кийинки баласы Исмайил карыны да биртке окуткан. Бирок анын саламаттыгына байланыштуу тереңдетип окута алган эмес. Эрмек кары 3-перзенти, жалгыз кызы Сабираны да окутуп, ага 10 пара Куран жаттаткан. Азыр Сабира эне көзү тирүү жана тажвиди ордунда. Улгайганына карабай, атасынын кыраатында Куран окуй алат. Кары кенже уулу Абдуманап карыга да тажвид жана Курандан сабак берип, ага да 3-5 пара Куран жаттаткан.
Эрмек карынын неберелери да чоң ата жолун жолдошкон. Алсак, кары небереси Нурулло карыны (Турдумухаммед уулу) да биртке окутуп, 1 парадай Куран жаттаткан. Ал кийин илим жолуна түшүп, Исфарада Молдо Надырдан окуган. Дүйшөмбү шаарында да 2-3 жыл окуйт. Кийин Молдо Талыбдан илимин тереңдеткен. Учурда Кара-Сууда мечиттердин биринде имам.
Ал эми карынын кенжеси Абдуманап карынын уулу Улукбек кары Эрмеков да дин илимин тереңдетип, кыраатта обочолонуп турат. Бир катар эл аралык жана республикалык Куран жарыштарда байгелүү орундарды ээлеген. Улукбек кары Ош шаарында мечиттердин биринде имам болсо, медреселердин биринде устаздык кылып келет. Мындан сырткары чөбөрөлөрү Ислам жана Талас карылар да жакын арада Куранды жат кылып, толук кары (хафиз) болушкан.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси