«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 24.09.2026
  • |

МАХР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...

Азыркы учурда коомдо, өзгөчө жаштар арасында «махр» деген тема күн тартибине чыгып, модага айланып кеткени маалым. «Шариятта келинге махр берилиши керек» дегенди гана билип алган айрымдар диндин башка өкүм-жоболоруна көз жуумп, бирок махрга үй же унаа сурап, күйөө тарапты ыңгайсыз абалга кептеген учурларды угуп-көрүүгө болот. Дегеле махр деген эмне? Ушул боюнча сөз кылалы. 

Махр (михр) сөздүктө «акы, төлөм» деген маанини билдирет. Ал эми фикх илиминде болсо нике кыйылган учурда аялга берилүүчү акча же мүлккө карата колдонулат. Куранда махр маанисинде «ажр» сөзүнүн көптүк түрү «ужур», ошондой эле «фариза» жана «садака» (көптүк түрү – «садакат») терминдери колдонулган. Ал эми хадистерде ушул мааниде көбүнчө «махр» жана «садак» терминдери кездешет. Махр сөзү кыргыз тилинде калың деп колдонулуп келген.

Үйлөнүү учурунда же ага чейин болочок күйөө баланын кыз тарапка белгилүү өлчөмдө акча же мүлк берүү салты ар түрдүү диндерде жана илгертен эле бар. Бул салттын өзгөчө алгачкы формалары нике келишими соода-сатык келишимине окшош өзгөчөлүктөргө ээ болгонун, ал эми ар кандай аталыштар менен берилген төлөм сатуу баасы катары кабыл алынганын көрсөтүп турат. Убакыттын өтүшү менен нике соода-сатык келишимине, ал эми берилген төлөм сатуу баасына окшош маанисин жоготуп, эки үй-бүлөнүн бири-бирине жакындашуусуна өбөлгө болгон белекке же аял үчүн экономикалык жана социалдык кепилдикке айланган.

Байыркы римдиктерде жана афиналыктарда аял тарапка никеге чейин берилген төлөмдөрдүн мүнөзү кандайдыр бир деңгээлде сатуу баасына окшош болгон. Жөөттөрдүн укуктук салтында да үйлөнө турган кыздын үй-бүлөсүнө «мохар» деп аталган төлөм берүү маанилүү орунду ээлеген. Мохарды төлөөгө мүмкүнчүлүгү жетпегендер бул милдетин болочок кайын журтуна белгилүү бир мөөнөт кызмат кылуу аркылуу аткарышкан. Маселен, Муса пайгамбар кызын аялдыкка алуу үчүн кайын атасына сегиз жыл кызмат кылууга аргасыз болгон (Касас сүрөсү, 28/27; ошондой эле караңыз: Чыгуу китеби, 2/21).

Жахилият доорундагы арабдар да махрды никенин негизги шарттарынын бири деп эсептешкен. Нике махр берилгенде гана жарактуу деп кабыл алынган. Эгер мындай төлөм берилбесе, эркек менен аялдын никесиз биригүүсү катары каралып, уят жана ар-намыска шек келтирген көрүнүш деп эсептелген. Маселен, Антара тууралуу баяндарда махр берилбестен турмушка чыгууга мажбурланган аялдар мындай никени өздөрүнүн кадыр-баркын басмырлаган көрүнүш катары баалашат.

Жахилият доорунда махр никеге туруучу кыздын валисине, башкача айтканда, анын камкорчусуна берилген, ал эми аялдардын өздөрү махрдан үлүш алышкан эмес. Кудалашуу учурунда берилген айрым белектер болсо көбүнчө «садак» деп аталган. Ушундай эле салт байыркы түркий элдердин укуктук салтында да кездешкен жана ал «калың» деп аталган. Түрктөр исламды кабыл алганга чейин эле укуктук институт катары жашап келген калың берүү салты ислам кабыл алынгандан кийин акырындап махр түшүнүгүнө орун бошоткон. Ошол эле учурда калың берүү салты да өзүнүн мурдагы аталышы менен коомдук салт катары жашап кала берген.

Ошолордун катарында кыргыздарда да кыз тарапка калың берүү салты калыптанган. Мүмкүнчүлүгү барлар тогуздап мал берсе, материалдык абалдары жакшы эместер да колунан келишинче кыз тарапты ыраазы кылууга аракет кылган. 

Куранда нике кыйылган аялдарга махрларын берүү зарыл экени ачык баяндалган (Бакара сүрөсү, 2/236–237; Ниса сүрөсү, 4/4, 24, 25; Маида сүрөсү, 5/5). Хадистерде да махрга байланыштуу фыкхий өкүмдөрдүн кеңири түшүндүрмөлөрү орун алган. Ошондой эле никеге турууну кыйындаткандай деңгээлде махрдын өлчөмүн ашыкча көбөйтпөө сунушталган (Мифтаху кунузис-сунна, «Нике» бөлүмү).

Ислам укугунда нике кыйылып жаткан учурда, адатта тараптар аялга берилүүчү махрдын өлчөмү жана аны төлөө тартиби жөнүндө өз ара келишишет. Эгер нике келишими жазуу жүзүндө түзүлсө, бул макулдашуу нике документинде да көрсөтүлөт. Биздин өлкөдө да никени каттоо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаменти тарабынан жүргүзүлөт. Ошол эле учурда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан шарияттык никени каттоо журналы иштелип чыгып, тараптардын макулдугу менен толтурулат. Мунун максаты турмуш жолуна аттанган эки жашка үй-бүлө баалуулуктары, диндеги жана салттагы нормативдер, эркек-аялдын укук жана милдеттери, үй-бүлөнүн аманат экендиги, нафака, балага кам көрүү, ажырашуу жана негизсиз талак берүүнүн кесепеттери ж.б. насааттар айтуу, о.э. тараптардын диний укугун коргоо болуп эсептелет. Учурда шарияттык никени санариптештирүү иштери кызуу жүрүп жатат. 

Темабызга кайтсак, Куран жана Сүннөттө махр берүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулганына карабастан, көпчүлүк ислам укукчуларынын пикири боюнча махр никенин шарты эмес, никенин натыйжасында пайда болгон укуктардын бири болуп саналат. Ошондуктан нике кыйылып жатканда махрдын өлчөмү көрсөтүлбөсө, ал тургай махр берилбейт деген шарт коюлса да, нике жарактуу деп эсептелет. Бирок махр (калың) берүү ваажиб иш.

Куранда махрдын өлчөмү алдын ала белгиленбестен никеге турган жубайлардын ажырашуусуна байланыштуу өзүнчө өкүмдүн белгилениши (Бакара сүрөсү, 2/236) махрдын өлчөмү көрсөтүлбөгөн нике да жарактуу экенин айгинелейт. Мындай учурда алдын ала белгиленген махр (махр-и мусамма) болбогондуктан, шарты жана коомдогу абалы жагынан ага окшош аялдарга берилүүчү махрдын өлчөмү, башкача айтканда, мисил махр негиз катары алынат. Ошондой эле белгиленген махр кандайдыр бир себептен улам жараксыз болуп калган учурда да мисил махр төлөнөт.

Махрдын никенин натыйжасында пайда болуучу укуктардын бири катары каралышы нике келишими соода-сатык келишими, ал эми махр сатуу баасы катары түшүнүлбөгөнүнүн ачык далили болуп саналат. Анткени нике келишими соода-сатык келишими катары кабыл алынганда, махрдын өлчөмүн так белгилөө келишимдин негизги шарттарынын бири болмок жана анын белгиленбей калышы никенин жарактуулугуна таасир этмек. Арийне, соода-сатык келишиминде товардын баасы (семен) аныкталбаса, келишим юридикалык жактан жарактуу түрдө түзүлгөн деп эсептелбейт.

Аялдарга махрларын берүүнү буюрган аятта да (Ниса сүрөсү, 4/4) махрдын бир жагынан тартуу жана белек катары берилиши жөнүндө түшүнүк камтылган. Акча, мүлк (мутакаввим мал) жана экономикалык баалуулугу бар пайдалуу нерселер, мисалы белгилүү бир мүлктү белгиленген мөөнөт ичинде пайдалануу укугу – махр катары белгилениши мүмкүн. Ал эми экономикалык баалуулугу жок нерселер, мисалы учурдагы аялын талак кылуу же жашап турган шаарынан башка шаарга көчпөө сыяктуу талаптар махр катары белгилене албайт.

Ушул себептен улам, Куран үйрөткөнү үчүн акы алууга болбойт деген пикирди карманган алгачкы мезгилдеги ханафий фыкыхчылары Куран окутууну махр катары белгилөөгө да болбойт деп эсептешкен. Ал эми кийинки мезгилдеги фикх аалымдары Куран окутуу үчүн зарылчылыктан улам акы алуу кеңири жайыла баштаганын эске алып, Куран окутууну да махр катары белгилөөгө болот деген өкүм чыгарышкан.

Негизи, Куран үйрөтүүнү махр катары белгилөөгө болорун көрсөткөн Пайгамбарыбыздын ﷺ доорунан калган окуя хадис китептеринде баяндалган (Бухари, «Вакала», 9; «Фадаилул-Куран», 21, 22; «Никах», 14, 32).

Белгиленген махрдын кандайдыр бир себептен улам жараксыз болуп калышы нике келишиминин да жараксыз болушун талап кылбайт. Мындай учурда аялга мисил махр, башкача айтканда, анын абалына жана коомдогу ордуна ылайык аялдарга берилүүчү махрдын өлчөмү төлөнөт. Махрдын өлчөмүн белгилөөдө никеге туруучу тараптардын, айрым учурларда алардын вали-камкорчуларынын каалоосу менен катар, коомдогу салт-санаа, үрп-адаттар жана экономикалык шарттар да таасир эткен.

Ханафий аалымдары махрдын эң төмөнкү өлчөмүн 10 дирхам күмүшкө, ал эми маликит аалымдары 3 дирхам күмүшкө барабар наркка тең деп белгилешкен. Ал эми шафиий жана ханбалий мазхабдарында махрдын эң төмөнкү өлчөмү белгиленген эмес. Никеге турууну жеңилдетүү максатында махрды өтө жогору өлчөмдө белгилөө сунушталбаганы менен, анын жогорку чегине да белгилүү бир чек коюлган эмес. Халифа Умар ибн Хаттабдын (р.а.) махрдын жогорку өлчөмүнө чектөө киргизүү аракети Курайш аялдарынын биринин каршы пикиринен кийин ишке ашпай калган. Ал аял: «Эгер бир аялдын ордуна башка аял алууну кааласаңар, биринчисине берген нерсеңер канчалык көп болсо да, андан эч нерсени кайра албагыла» деген маанидеги аятты (Ниса сүрөсү, 4/20) далил катары келтирип, махрдын өлчөмүн чектөөгө каршы чыккан.

Махрдын толук өлчөмү нике кыйылган учурда дароо төлөнүшү мүмкүн. Ошондой эле анын толугу менен же бир бөлүгүн кийинчерээк төлөө да макулдашылышы мүмкүн. Махрдын бир бөлүгүн дароо (махр-и муъажжал), ал эми калган бөлүгүн кийин (махр-и муажжал) төлөө кеңири тараган тартип катары көрүнөт.

Махр толугу менен аялдын жеке мүлкү болуп саналат жана ал аны каалагандай пайдаланууга укуктуу. Турмушка чыга турган аял да, анын жакындары да махрдын ордуна же анын эсебинен сеп даярдоого диний жактан милдеттүү эмес. 

Жарактуу нике келишими махр берүүнү талап кылганы менен, нике кыйылган замат махрдын баары эле күйөө үчүн кандай жагдайда болбосун, сөзсүз төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү карызга (муаккад карыз) айланып калбайт. Анткени белгилүү бир шарттарда махрдын бир бөлүгү же толугу менен милдеттенмеден түшүп калышы мүмкүн.

Ханафий мазхабдарынын аалымдарынын пикири боюнча, махрдын сөзсүз төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү карызга айланышы үчүн нике кыйылгандан кийин жубайлардын жакындашуусу (духул) же шариятка ылайык жарактуу обочолонуу (сахих халват) болушу керек. Булардын бири да болбой туруп, жубайлардын биринин каза болушу да махрды толук милдеттүү кылган жагдай катары каралат.

Эгер нике кыйылганы менен жогоруда айтылган жагдайлардын бири да орун албай туруп жубайлар ажырашып кетсе, ажырашууга күйөө себеп болгон учурда, мисалы, аялын талак кылса, аял белгиленген махрдын жарымына укуктуу болот. Ал эми никенин бузулушуна аял тарап себепкер болсо, мисалы, анын валийи никедеги теңдикке (кафаат) байланыштуу никени буздуруп салса, же эркек балагатка жеткенден кийинки никени тандоо укугуна (хийар-и булууг) таянып никени бузса, аял махр алууга укуктуу болбойт.

Эгер нике кандайдыр бир себептен улам жараксыз (фасид) деп табылса, махр жубайлар иш жүзүндө чогуу жашап, жыныстык жактан жакындашкан болсо гана милдеттүү болот. Мындай учурда жарактуу нике келишими болбогондуктан, тараптарды милдеттендирген алдын ала белгиленген махр да жок деп эсептелип, мисил махр талап кылынат.

Эгер мисил махр никеде белгиленген махрдан жогору болсо, ханафий мазхабындагы негизги пикирге ылайык, алдын ала макулдашылган махр (махр-и мусамма) төлөнөт. Ал эми мисил махрды төлөө мүмкүн болбогон жагдайларда аялга мутъа деп аталган төлөм берилет.

Ислам укугунда күйөөгө аялга салыштырмалуу никени бузуу боюнча кеңири мүмкүнчүлүк берилгенин эске алганда, махрдын, айрыкча кийин төлөнүүчү махрдын (махр-и муажжал) өлчөмүн жогору белгилөө талак укугун кыянаттык менен пайдаланууга олуттуу тоскоолдук кылган. Ошондой эле бул аялга белгилүү деңгээлде экономикалык кепилдик жана өз алдынчалык берүү максатын да көздөгөн деп айтууга болот.

Ушул жерден дагы бир суроого жооп берүү эп. Махр менен калың бирби же башкабы деген маселе да бар. Көптөгөн пайдалары, максаттары жана табиятына караганда махр менен калың – бир. Анткени калың кайра эле кыз тараптын ээлигине өтүүдө. Кыздын ата-энеси калыңды кайра эле кызына сарптоодо. Мында ата-эне өкүл сыяктуу ролду аткарууда. Бирок кээ бир аалымдар калың кызга эмес, ата-энесинин ээлигине өткөндүктөн, этият-шарт иретинде калыңдан сырткары кыздын өзүнө 10 дирхам өлчөмүндө болсо да махр берүүнү туура деп эсептеп жүрүшөт.

Жыйынтыктап айтканда, махр күйөө тараптын келин тарапка берилчү баалуу белек. Албетте, шарият махрдын жогорку чегин аныктаган эмес. Бирок үй-бүлө күтүүнү аябай татаалдатуу, үй-бүлө институтуна реалдуу кооптуулук жаратуу, жалганга мажбур кылуу, курулай атаандаштыкка айлануу, ысырапка жол ачуу сыяктуу жагдайларды эске алганда, махр алуучунунун калың өлчөмүн ашкере кымбат кылып жиберүүсү жакшы көрүнүш эсептелбейт. Мисалы, «Баланча бай келин тарапка 1 миллион сом калың бериптир» деген жагдайды талдап көрөлү. Алгач кулакка жагымдуу угулгансып, калың абдан жакшы берилиптир деген ой жаралышы мүмкүн. Ошол эле учурда, көмүскө мактаныч, текеберлик, көкүрөк кагуу сыяктуу начар үлгү да бар. Экинчи жагынан турмуш күтүүгө бел байлаган эчендеген жигиттердин шагы сынып, үмүтү үзүлүп, тилеги таш кабары анык. Анткени мындай нерсе желдей тарап, айрым болочок колуктулардын көңүлүн бузуп, оюн чаржайыт кылышы мүмкүн. Үчүнчү жагынан, махр (калың) бул белек гана, бирок келиндин баасы эмес! Анткени аялзаты баа жеткис! Кызды баалагансып, махр-калыңды улам-улам кымбаттата берүүгө негиз жок. 

 

P.s.:Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Үгүт-насаат бөлүмү