“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...
Кураны Каримде зекет баш болгон Алла ыраазычылыгы үчүн аткарылчу ар түрдүү кайыр-хасанааттын (иштин) мааниси айтылып жатканда, аны аткаруу учурунда эскертилген айрым адептер да кошо баяндалган. Зекет адептерин төмөнкү темалардын негизинде кароого болот:
1. Адал пайдадан берүү
Зекет жана башка мал-мүлк менен аткарылуучу ибадаттардын кабыл болушу – адал жолдор аркылуу топтолгон мал-дүйнөдөн берүү менен гана мүмкүн. Арам болгон дүйнө-мүлк динибизде мал болуп эсептелбейт жана алар менен кайрымдуулук иштерин кылууга такыр болбойт. Улуу Алла Таала адал жолдор менен жыйналган таза жана эң жакшы мал-дүйнө менен аткарылган кайрымдуу иштерди (инфак) гана кабыл алат. Ошондой эле, Кураны Каримде пайгамбарларга жана моомундарга адал жол менен эмгектенип мүлк топтоп, адал ырыскылардан гана жешин буйрук кылган. Адал ырыскы динибизде ушунчалык маанилүү болгондуктан, керек болсо пенденин таза тамак-аш менен тоюнганы да Аллага кулдук ибадаты катары кабыл алынат.
«Оо, пайгамбарлар! Адалдарды гана ичип-жегиле жана жакшылык иштерди кылгыла! Акыйкатта, Мен силердин эмне кылганыңарды жакшы билүүчүмүн (Муминун, 23/51). «Оо, ыйман келтиргендер! Эгер чындап эле Ага сыйынчу болсоңор, Биз насип кылган (адал жана таза) ырыскылардан жегиле жана Аллага шүгүр кылгыла!» (Бакара, 2/172).
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) адал ырыскы ибадаттарын кабыл болушунда өтө маанилүү фактор экенине көңүл бурган:
«Бир киши Алла жолунда узак сапарга чыгат. Чач-сакалы өсүп жүдөгөн, адам карагыс кир-кор болгон абалда, колун көккө көтөрүп, «Йа Рабб! Йа Рабб!» деп дуба кылат. Бирок, анын ичкени арам, жегени арам, кийгени арам. Арамдык менен жан багат. Эми ушунун дубасы кантип кабыл болсун?» (Муслим. Зекат, 65).
Мынакей! Алла Таала адал мал-дүнүйөдөн гана берилген зекет-садагаларды кабыл кылат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткандай, адамдын адалдан берген бир даана курма садагасы болсо да, Алланын алдында тоо сыяктуу же андан да чоң болгонго чейин көбөйтүлөт жана ээсин ошончолук сыйлыкка ылайык кылат (Муслим. Зекат, 63-64). Жасаган бул кайырдуу иши Кыямат күнүндөгү таразада (мийзан) тоодой мал-дүйнө садага кылган сыяктуу салмакты көрсөтөт. Бир уруктан бир машак же андан жүз, жети жүзгө чейин дан алынгандай, берилген садаганын сообу да жети жүз же андан көбүрөөккө көбөйтүлөт (Бакара, 2/261).
Ал эми, арам жолдор менен топтолгон мал же дүйнөдөн аткарылган зекет жана садагада (инфакта) мындай өзгөчөлүк да, сыйлык да жок. Себеби, исламда дүйнө жыюунун эң негизги жолу эмгек болуп саналат. Демек, мусулман адам бел талытып, кол жорутпай, бирөөлөрдүн акысынан же болбосо арам жолдордон (гайри машруу) пайда табуудан оолак болушу абзел. Пайданын кайдан жана кандайча келгенине маани берип, тапкан-ташыганын дайыма адалдашы зарыл. Мусулман пенде өзүн да, үй-бүлөсүн да адал азык-түлүк менен камсыздоого милдеттүү. Өзгөчө Алла жолунда кайрымдуулук кылчу акча же мүлкүн таман акы, маңдай тери менен тапкан болушу кажет. Себеби, арам жолдор аркылуу тапкан мал-мүлкү кайыр болбогондой эле, андан берген зекет жана садагалары да кабыл болбойт!
2. Жакшы көргөн мал-мүлктөн берүү
Сүйгөн жан сүйүүсүн далилдөө үчүн өзүндөгү эң жакшы нерселерди гана сүйүктүүсүнө бергиси келет. Ырыскыны берген Улуу Алла, демек Анын жолунда эң таза жана жакшы болгондорун сарптоо – мусулмандыктын бир шарты эмеспи. Бул боюнча Кураны Каримде мындай дейт:
«Жакшы көргөн нерсеңерден Алла жолуна сарптамайынча, эч качан жакшылыкка жетпейсиңер. Эмне сарптаган болсоңор да, Алла аны (эң сонун) билет» (Аали-Имран, 3/92).
Шек-күмөнсүз ниматтын чыныгы ээси Алла. А инсан болсо колундагы ар түрдүү байлыктын аманатчысы гана. Улуу Алла адамга таза ырыскы берген, эгерде адал жана жакшы эмес мал-мүлктөн зекет-садага берилсе, Ал мындайды кабыл кылбай тургандыгын эскерткен. Ар жерде калып, түрткүнчөк болгон, керектен чыккан, балким акыр-чикирге ыргытыла турган абалга жеткен нерседен зекет берилген болсо, муну эч бир жан ыраазы болуп албайт зарыкканы үчүн гана албаса. Мына ушундай кылуу менен деле зекет милдетинен кутулсам болот деп ойлошу мүмкүн кээ бир чолок ойлуу адамдар. Бирок, иштин түпкүрүндө Алла ыраазылыгына жетүү маселесин эске салсак, анда Ал эски-үскү буюмдан же ылаң-кесел малдан ыраазы болушу мүмкүнбү? Албетте, жок! Себеби, башка бир аятта Алла жолунда мал-мүлктүн эң жакшылары гана сарпталышы кааланган:
«Оо, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан-ташыганыңардан жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден (Алла жолунда) сарптагыла... Өзүңөр көздөрүңөрдү жуумп, араң гана кармай турган (жаман) нерселерди сарптоо үчүн тандабагыла. Алла – Бай, Макталуучу экенин билип койгула (Бакара, 2/267).
Бул аяты-кариманын түшүрүү себебине байланыштуу төмөнкү окуя риваят кылынат. Мединалык мусулмандар курма терүү мезгили келгенде, курма шактарын топтоп, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мечитиндеги эки устунга тартылган жипке илип коюшар эле. Мухажирлер курсагы ачкан маалда, ошол курмалардан жешер эле. Бул көрүнүш үзгүлтүксүз кайталанып турду. Курманын көптүгүн көргөн айрым митайым ансарлар бузулган же чириген курма шактарын жакшынакайларынын арасына иле башташты.
Мына ушул окуядан соң аларды эскертүү үчүн жогорку аят түшүрүлдү (Ибн Маажа. Зекат, 19). Киши өзүнө жакпаган нерселерди берүү менен инсандарды алдашы мүмкүн, бирок Алланы алдай албайт. Себеби, инсандар аны көрбөсө да, Ал ар убак кулдарын көрүп, кылган-эткендерине назар таштап турат. Ал Зат адамдын жашырганын да, ачыкка чыгарганын да, көңүлүндөгүсүн да, дегеле бүт нерседен Кабардар (Анъам, 6/103; Мүлк, 67/13).
Сахабаларды улуулаткан суктанарлык иштеринин бири болуп, сүйгөн мал-мүлкүн эч аянбай Алла жолунда сарптоолору эле. Мединалык мусулмандардын эң байларынан болгон Абу Талха (р.а.) да мына ушундай кишилердин бири боло турган. Анын Масжиди-Набавинин маңдайында өтө көңүл буруп, жакшы көргөн курма багы болор эле. Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в.) ар дайым ошол бакка келип, андагы булактан ичер эле. «Силер өзүңөр жакшы көргөн нерсени (Алла жолунда) сарптамайынча (эч качан) жакшылыкка жете албайсыңар...» (Аали-Имран, 3/92) аяты түшүрүлөрү менен пайгамбарыбызга (с.а.в.) дароо келген Абу Талха (р.а.) өзүнүн сүйүктүү багын Алланын ыраазылыгына жетүүнү үмүт кылып, аны өзүнө бергиси келгенин айтты. Расулалла да сахабасынын көңүлүн жайгарып, «Ооба, сенин бул багыңдын өтө көрктүү, көп пайда алып келүүчү жана түшүмдүү жай экенин уктум. Бирок, мен муну туугандарыңа таратууңду каалаймын», – деди. Абу Талха (р.а.) да көрктүү багын муктаж туугандарына бөлүп берди (Бухари. Зекат, 44; Муслим. Зекат, 14).
Сахабалардан Зайд бин Хариса да жогорку аят түшүрүлгөндө, өзүнүн өтө сүйгөн келишимдүү күлүк атын садага кылгысы келди. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да муну кабыл кылды, бирок башкаларга эмес, Зайддын өз уулу Усамага (р.а.) бердирди. Зайд бул үчүн капалуудай көрүнгөндө Аалам Мырзасы, «Алла бул садагаңды толук кабыл кылды», – деп тынчтандырды (Табари. Тафсир, VI, 592).
Мына ушул кутмандуу инсандар сыяктуу, Азирети Умар да Хайбарда өзүнө бөлүнгөн түшүмдүү жер үлүшүнүн өтө баалуу болгонун, ушул күнгө чейин мындай кымбат мал-мүлккө ээлик кылбаганын пайгамбарыбызга (с.а.в.) айтып, «муну кандай пайдаланайын?», – деп акыл сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да ага үлүштү колдо тутуп, бирок түшүмүн Алла жолунда сарпташын сунуш кылды. Азирети Умар да айтылганды толук аткарды (Бухари. Шурут, 19; Муслим. Васиййа, 15).
3. Кайрымдуулукка шашылуу
Дүйнө жашоосу өткүнчү. А инсандын түгөнүүнү билбеген арзуу жана каалоолору бар. Эгерде адам дүйнөнүн утурумдук кызыкчылыгына батып, артынан сая түшсө, акырет үчүн даярдык көрүүнү толгонсо да, алдыда кеңири убакыт бар деген ойго алданып, жаратылуу максатына байланыштуу аткарчу милдеттерин улам кечиктирип олтурса, күндөрдүн бир күнүндө чоң зыянга кириптер болот. Өлүм чындыгы менен бетме-бет келгенде, «кошумча убакыт бер» деп жалбарат. Бирок, такыр кеч болуп, сыноо мезгили бүткөн болот анда... Тагыраагы, кылгандарын таразалоо учуру келген болот. Зекет ибадатынын өз убагында аткарылбашы, мына ушундай коркунучка кептеши мүмкүн. Айрыкча, учурунда берилбеген зекет жана садагалар бир кездеги муктаждар үчүн маанисиз болуп калышы да ыктымал. Мына ушул себептүү, Улуу Зат бардар пенделерин эскертип, озуйпаларын өз учурунда аткарышын каалайт:
«Биз силерге берген ырыскылардан силердин бириңерге өлүм келгенге чейин сарптап калгыла! Ошондо ал: «Эгем, эгер менин өмүрүмдү бир аз узартсаң мен кайрымдуулук иштерди көп кылып, жакшылардан болор элем», – дейт. Бирок, Алла тирүү жанга өлүм маалы жеткен кезде эч качан аны кечиктирбейт. Алла силердин эмне кылганыңардын баарысын билип турат» (Мунафикун, 63/10-11).
Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в.) бүт маселелерде кездешкен сыяктуу, зекет, садага ж.б. кайрымдуу иштер (инфак) темасында да сахабаларын эң мыкты деңгээлде тарбиялап, ааламдын эң жоомарт адамдарына айланткан. Көңүлдөрүнө ислам сүйүүсү орногон мына ошол ардактуу инсандардын бири зекет-садаганын эң жогорку жана сооптуу түрүн билүү үчүн пайгамбарыбызга (с.а.в.) келип, «Оо, Алланын Расулу! Кайсыл садаганын сообу көбүрөөк?», – деп сурады. Анда аалам мырзасы: «Ден соолугуң чың кезинде, мал-дүйнөгө берилген учуруңда, жакыр болуудан корккон маалыңда жана бай болуу жөнүндө түш көрүп жатканыңда берген садагаңдын сообу көбүрөөктүр. Бул ишти жаның көзүңө көрүнгөндө, «Баланчага мынча, түкүнчөгө тигинче» (деген мурас бөлүү) учуруна калтырба. Ансыз да мал-дүйнөң мураскерлериңден аныкы же тигиники болгон болот» (Муслим, Зекат, 92). Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул хадисинде кыйынчылык кезде же малга үзүлүп түшкөн учурда берилген садаганын токчулук-молчулукка бөлөнгөн бейкапар жана жыргалчылык учурунда берилген садагадан пазилеттүү экенин билдирет.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) башка хадистеринде да, сахабаларына жоомарт болууну жана тырышпай, көңүл ыраазылыгы менен садага берүүгө үйрөтүп, «Кайрымдуулук кыл, көп-көп бер, малыңды эсептей бербе! Мындай кылсаң Алла да сага ыроолочу ниматын эсептеп аяйт. Акчаңды түйүнчөккө түйүп сактаба, Алла да сенден сактайт» (Муслим. Зекат, 88) – деген. Демек, түйүнчөктүн оозун бекем байлоо, башкача айтканда колу чүрүш болуу – Алла Тааланын да адамга берген нимат жана олжосун «аяп», азайтышына себеп болот.
Сөз соңунда айтарыбыз, жакшылык кылууга бел байлаган киши, ал ишин убагында кылып, зекет-садага мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашы керек. Себеби, кечиктирилип берилген жардам чыныгы муктаждыкты жоё албайт. Ушул себептүү бардар киши «түштөн кийин келди» дедиртпей, муктаж абалдагыларга дароо зекетин бериши керек.
4. «Оң колдун бергенин сол колдон жашыруу»
Мусулман адам берген зекет, садага жана кайырдуу амалдарын мүмкүн болсо жашыруун аткарып, риядан (эл көрсүндөн) качышы керек. Себеби, рия бардык жакшылыктардын сообун жок кылат. Ал эми, жашыруун же даңазаланбаган кайрымдуулук иштер болсо, зекет берүүчүнүн башкалардын алдында улуксунушуна же болбосо зекет алуучунун өзүн төмөн сезип, оңтойсузданышына тоскоол болот. Мына ушундайча жашыруун жасалган жакшы иш, кедей-кембагалдын ар-намысын коргогон болот. Себеби, намыскөй муктаждар башкаларга кол сунуу менен коомдогу тилемчи сыяктуу болгулары келбейт. Жашыруун зекет-садага кылуу тууралуу пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген:
«Жашыруун берилген садага Раббдын азабын өчүрөт» (Табарани. Аль-Муъжамул-Кабийр, XIX, 421; Канзул-Уммал. XV, 916, хадис №43581).
Кураны Каримде ачык-айкын жасалган жакшылыкка караганда, жашыруун түрдө жасалган зекет-садаганын алда канча сооптуу экени мындайча баяндалат.
«Эгер садаганы ашкере кылып берсеңер кандай жакшы! Ал эми аны жашыруун жасап, кедейлерге берсеңер – ал силер үчүн дагы да кайырдуу! Ал силердин жамандыктарыңарды өчүрөт...» (Бакара, 2/271).
Себеби, жашыруун жакшылык кылган адам кимдир бирөөлөрдүн эмес, бир гана ошол малды берген Алланын ыраазылыгына жетүүнү гана тилек кылып, Андан гана келчү жакшылыктарды күткөн болот.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) да садагалардын жашыруун берген момундарды Улуу Алланын Кыямат күнү күндүн мээ кайнаткан ысыктыгынан коргой турганын сүйүнчүлөгөн: «Алланын (жаратып берген) көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө калбай калган Күндө, Алла Таала 7 топтогу кишилерди (көлөкөдө) көлөкөлөтөт... Булардын бири болуп, оң колу берген садагаларын сол колу билбегендей жашыруун аткарууга маани бергендер (Бухари. Зекат, 16; Муслим. Зекат, 91).
Кылган жакшылыгын колко же мээнет кылган адамга Кыямат күнү Раббдын аны менен сүйлөшпөй, аны карабай турганы, керек болсо кечиримине албай коёру (Муслим. Ийман, 171) жөнүндө да баса белгилеп айткан пайгамбарыбыз (с.а.в.).
Берген зекет жана садага өңдүү кайыр-ихсандарын башкаларга айткан же көрсөткөн киши рияга кабылуу, адамдардан мактоо күтүү жана өзүн жогору көрүп текеберленүү сыяктуу соңу бүдөмүк тобокелчиликтер менен бет маңдай калат. Жакшылыкты жашыруун жасоо болсо, жогоруда айтылган бардык кооптуу абалдардан коргойт. Мына ушул себептүү, руханий дүйнөсүн тарбиялаган инсандар садагаларын берип жатканда, жакырга өзүн билдирбөөгө тырышкан, же берчүсүн «садага таштарына» , жолуна, эшигинин алдына ж.б. таштап кетүү менен сыр бойдон калышкан. Кээ бир учурда башкаларды арачы кылып, өзүнүн ким экенин айтпашын суранган.
Чынында жашыруун берилген жакшылык башкалардын мактоосуна жана суктанышына бөгөт коёт. Мындай акыбал напсиге оор келсе да, сообунун көбөйүшүнө себеп болот. Кураны Каримде Алла ыраазычылыгын көздөгөн үмүт менен, ошондой эле чын жүрөктөн (калби-мутмаинн) Анын жолунда сарптаган кишинин абалы жогору жакта жайгашкан абдан кооз бакка салыштырылат.
Ал бак жамгыр көрсө эки эсе мол түшүм берген, эгер жаан-чачын себелеп жаап (же кургакчылык болсо да) ашыгы менен жемиш бере берет. Ал эми, Алла ыраазычылыгын көздөбөгөн, жөн гана мактаныч иретинде, мал-мүлкүн башкаларга мактанып, жарыялап, көрсөтмөлүк үчүн зекет-садага кылгандар болсо, Кыямат күнү бардык амалдарынын жокко чыкканын көрөт... (Бакара. 2/265).
5. Үлгү болуу үчүн болсо, шардана жардам берүү
Кайыр-садаганын жашыруун берилиши канчалык жакшы болсо да, айрым учурларда ачыктан берүү да жакшыраак болуп эсептелет. Тагыраагы, кимдир бирөө ачык зекет кылган босо, эл да аны ээрчип өрнөк алат. Ашкере берилген зекетти пайдаланып, абалын аз болсо да жакшырткан жакырларды көргөн калайык-калк зекет парзын эстейт жана эң сонун чакырык ташталган болот. «Баланча зекетин бериптир ботом, мен неге бербешим керек?» деп кыймылдай баштайт. Мына ушундайча, бир жагынан Алланын буйругу аткарылган болсо, экинчи жагынан жакырларга колдоо болуп, алар кубанат. Чынында аяттагы «Садагаңарды ашкере кылып берсеңер кандай жакшы!» (Бакара, 2/271) – деп айтылып, айрым учурда ашкере зекет берген тараптарды алкайт Алла Таала. Демек, тилемчиликти адатка айлантпаган, «жатып ичер жалкоо» болбогон, чыныгы муктаж адам эл алдында бардар кишиден зекет же садага сураса, ал сөзсүз жардам кылышы керек. «Эл алдында берсем рия го?!», – деген ойго кабылып, аны кагып-силкүүгө болбойт. Аныгында Духа сүрөсүнүн «Тилемчиге орой мамиле кылба!» (Духа, 93/10) аяты да мына ушундай жагдайларга ишарат кылат. Албетте, эл алдында жардам берүүдө да эң оболу ниет, андан соң риядан качуу шарты сакталышы керек. Башка аяттарда Алла берген ырыскыдан жашыруун жана ачык-айкын зекет кылгандар үчүн коркуу жана кайгы-капа жетпей турганы (Бакара, 2/274), өздөрүнө берилген ырыскыдан Алла жолунда сарптагандар эч качан зыянга кириптер болбой турган табылга күтүүлөрү (Фаатыр, 35/29) да билдирилген.
Зекет-садагамды ашкере берсемби же жашыруун эле бергеним туурабы деген эки анжы ойдо калган кездер да болот. Андайда эң туурасын, эң зарылын тандоо керек. Себеби, ашкере же жашыруун зекет берүүнүн кайсынысы туура деген маселе адамдарга же кырдаалга карап өзгөрүлөт. «Алардын мал-мүлкүнөн садага (зекет) ал!...» (Тообо, 9/103) аяты да фарз болгон зекетти (жашыруун болуу менен бирге эле) ачыктан алынышына да ишарат кылат.
Дагы бир хадиси-шарифте коомго үлгү болуу үчүн жашыруун садага бергенге караганда, ашкере берүүсү фазилеттүү болору (Байхаки. Шуабул-Ийман,5/376, хадис № 7012) айтылат.
6. Зекет алуучуну ыза кылбоо
Муктаждарга жардам берүү диний бир туугандык гана эмес, инсандык касиет болуп саналат. А боорукерлик – момундун эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): Мусулман – мусулмандын бир тууганы. Ага (бир тууганына) зулумдук кылбайт, аны жалгыз таштабайт. Кимде-ким бир момундун дүйнөдөгү кайгы-капасын жойсо, Алла Таала да Кыямат күнү анын кайгы-капасын жоёт. Кимде-ким кыйынчылыкка кириптер болгон бирөөгө жардам берсе, Алла да ага дүйнө жана акыретте жардам берет. Кимде-ким бир мусулмандын айыбын жашырса, Алла да акыретте анын айыбын жашырат...» (Бухари. Мазалим, 3; Муслим. Зикр, 58, Бирр, 58) – деп мусулмандын жакындарынан жана момун бир туугандарынан жооптуу экенин эстеткен.
Мына ушундай жоопкерчиликтүү аң-сезимдеги бардар мусулман зекет же садага берип жатканда, өтө кылдаттык менен мамиле жасайт. Зекет берген адамын ирээнжитпейт, көңүлүн калтырбайт. Мына ушундай адептик принциптер Бакара сүрөсүндө баяндалат:
«Өздөрүнүн мал-дүйнөсүн Алла жолунда сарптап, кийин берген нерселерине колко кылууну жана иренжитүүнү ээрчитпегендер үчүн алардын Жаратканы (Алла) алдында улуу сооп, сыйлыктар бар. Алар үчүн эч кандай коркунуч жок. Жана алар кайгы чегишпейт» (Бакара, 2/262).
«Жакшы сөз жана кечиримдүүлүк, ызаа ээчитип келген садагадан жакшы. Алла – Бай жана Жумшак (Бакара, 2/263).
«Оо, ыйман келтиргендер! Мал-мүлкүн эл көрсүн үчүн сарптаган, Алла менен Акырет күнүнө ишенбеген (адамга) окшоп, садагаңарды колко кылып же ызаа менен жокко чыгарып албагыла. Ал – үстүндө топурагы бар жылма ташка окшош. Ага катуу жамгыр жааса, аны (түшүмүн жууп кетип) таш боюнча калтырат. Алар өздөрү кылган иштин эч бирине ээ боло алышпайт. Алла – каапыр элдерди туура жолго салбайт (Бакара, 2/264).
Жогоруда маанилери берилген аяттардан аңдаганыбыздай, зекет жана садагалардын кабыл болушу үчүн алуучуларга милдет кылынып, жаман мамиле жасалбашы керек. Милдет кылуу – берүүчүнүн «муну бердим, тигини бердим» деп ооз көптүрүп, ар жерде жарыя айтып мактанышы, кылган жакшылыгын колко кылышы, зекет-садага алуучуларды (иш же акча үчүн) пайдаланышы, улуксунуп текеберлениши сыяктуу жаман жосундар аталат. Азарлоо дегени – кордоо, зекет алган кишини томаяк деп шылдыңдоо, ызалантуу, пас көрүү, оозуна жаман сөз алып, көңүлүн калтыруу.
Чынында, көңүлү ислам менен бекемделген момун-мусулман жардам берген кишилерин азарлап, кордоо менен же болбосо кылган жакшылыгын милдет кылып, кайра-кайра кайталоо менен тапкан соопторун жокко чыгарбайт. Жакырдын көңүлүн алуучу жакшы сөз же жөн гана катасын кечирүү – аларды капаланткан жана намысына тийген жакшылыктан алда канча жакшы экенин (Бакара, 2/263) унутушпайт. Өтө кичипейилдик жана сылыктык менен мамиле кылып, «Биз силерди жалгыз Алланын ыраазычылыгы үчүн гана жедирип-ичирип жатабыз. Силерден бул ишибиз үчүн бир да акы жана алкоо сурабайбыз...» (Инсан, 76/9) – деп кылган жакшылыгынын сообун Алладан гана тилешет.
Куранда зекеттин жакыр жана муктаждардын акысы экенине (караңыз: Заарият, 51/19) басым жасалышынын себептеринин бири болуп, зекет алуучунун капа кылынышына жана берүүчүнүн да мактанычына тоскоол болуу саналат. Себеби, бай киши берген зекет жана садагаларын (Алла белгилеген акысын) кедейге берет, кедей да ырыскысын Алладан алган болот. Мында бардар тарап болгону өкүл болот. Башкача айтканда, берилген мал-мүлктөн белгилүү өлчөмдө өз ээсине жеткирүүчү арачы сыяктуу гана. Анын аткарганы, болгону аманатты тапшыруудан гана турат. Зекет парзын мына ушундай түшүнгөн бай момун кылган жакшылыгын эч качан алгандын жүзүнө урбайт, жардам берип каралашканы үчүн милдет кылбайт. Азарлап кордоого барып, алуучуну ызалантпайт.
Бергенин милдет кылып, аркыны кор көргөн киши мындай деп ой жүгүртсүн: Шексиз Алла ырыскысын баарына бирдей бериши мүмкүн эле. Бирок, бир бөлүгүнө көбүрөөк берип, алардын жоомарттыгын сынап жатат. Эгер Ал кааласа, кедей-кембагалдарга адамдын түшүнө кирбеген байлык берип коюшу мүмкүн, керек болсо байларга зекет бере турган деңгээлге чыгарып коё алат Кудирет Ээси. Анан да бүгүн байдын ээлик кылган мал-мүлкү эртең жок болуп кетиши толук мүмкүн. Себеби, мүлк Алланыкы. Ойчул Шейх Саади мындай дейт: «Бирөөгө жакшылык кылганыңда, «Мен баймын, мен биймин. Ал мага муктаж!» деп өзүңдү жогору сезбе. Мезгил ал шордууну чаап салган деп ойлобо! Себеби, аны чапкан кылыч дале кынында эмес. Мүмкүн ошол жалаңдаган кылыч бир күнү сени чаап түшүрөт» (Шейс Саади Ширази. Бостан, 58-б.).
«Жоомарттык – жакырлык сыяктуу (муктаж), (ал) жакырларга муктаж. Сулуулар кири жок жаркыраган күзгү издеген сыяктуу, жоомарттык да жакыр жана алсыз кишилерди издейт. Жакшынакайлардын жүзү күзгү менен жакшы кармалат. Алар күзгүгө каранып жасанат. Ихсандын жана улуулуктун жүзү да күзгүгө (жакырга) кароо менен чагылат... Демек, жакыр жоомарттыктын күзгүсү. Ушуну билип кой, оозуңдан чыккан дем күзгүнү буулантат. (Мавляна. Маснави, I, 226, бейт №2740-2745).
Тагыраагы, муктаж киши жоомарттыкка жана жакшылыкка кандай муктаж болсо, жоомарттык жана жакшылык да жакыр кишиге ошондой муктаж. Жакшынакайлар сулуулугун көрүү үчүн чаңсыз, кирсиз, таза күзгүнү кандай издеген болсо, жоомарттык да так ошол сыяктуу жакырларды издейт. Андай болсо, кедейлерге абайлап мамиле кыл, алар ызаланып калбашы үчүн көңүлүн калтыруучу сөз айтпа. Көңүлдөрдүн күзгүлөрүн буулантпа.
Өтмүшкө үңүлсөк, өтө көптөгөн адептүү жана ыйбалуу кишилер жашап өткөн. Алар зекет берип жатканда өзүлөрүн муктаждардын ордуна коюп көрүп, өтө сылык мамиле жасашкан. Зекет жана садагаларын кабыл алуулары үчүн жалбарышкан. Зекетти берип жатканда, өздөрүнүн колу алдыда, бакырдыкы үстүндө болушуна катуу көңүл бурушкан. Себеби, алар Кыямат күнүндө Алланын сүйлөбөй, жүздөрүнө карабай коюшунан коркушкан. Ошондой эле, акыбети жакшы болбогон үч топтун бири – кылган жакшылыгын колко кылгандар экенин (Муслим. Ийман, 171; Караңыз: Насаи. Буйуу, 5) жакшы билишкен.
Кыскасын айтканда, зекет диний милдет болуп эсептелет. Зекеттин дин көрсөткөндөй сарпталышы кандайдыр бир жакшылык эмес, негизги диний милдеттенменин аткарылышы болуп саналат. Ушул себептүү, зекет берилип жатканда, жакырлар же муктаждар ызаланбашы зарыл, намысы тебеленбеши маанилүү. Зекеттик мал-мүлк адалынан жана сапаттуусунан берилиши керек. Берип жатканда да «Алла Таалам зекетимди кабыл кылар бекен?» деп тынчсызданып, бергенден кийин да жакшылыгын колко кылбашы шарт. Ар кандай жасалма ибадаттан жана риядан качуу керек.
Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Текшерген: Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси