Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Замир кары Ракиев
Аалымдар Кеңешинин төрагасы

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп Замир кары Ракиев тууралуу:

Ракиев Замир Шейшенбекович 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.

Билими:

Египеттеги Аль-Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, «Университетке даярдоо курсу» жана «Дин негиздери» багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен «Чыгыш таануу» боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Эмгек жолу:

• 2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин мугалими;

• 2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин директору;

• 2010-2011 — Нарын облусунун мусулмандарынын казысы;

• 2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары;

• 2016-2017 — Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

• 2017-2020 — Азирети Муфтийдин орун басары;

• 2020-2021 — Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы;

• 2021-жылдын июнь айынан тарта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызматын аркалаган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.

Абдиманап кары Масалиев
Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары
Абан ажы Матраимов
Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары