Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусуна караштуу Алай районунун борбордук мечитинде ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жыйын өткөрүлүп, имамдар менен айыл башчы, бийлер менен тыгыз иштешүү керектиги айтылды.
Аталган жыйынга Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Чыңгыз Бапаев, Алай РИИБ кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылары, аксакалдар жана баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков баштаган мечит имамдары катышты.
"Ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча өлкө башчыбыз жана азирети муфтийибиз да айтып, тиешелүү тапшырмаларды берип келет. Бирок бул нерсеге эл арасында кайдыгер караган жарандар да жок эмес. Ошол себептен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү керек. Бул жаатта имамдар менен айыл башчылары тыгыз иш алып барыңыздар", – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Жыйын соңунда катышуучулар тарабынан суроолор, сунуш-пикирлер берилип, тиешелүү жооптор алынды.