Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 19.11.2025
  • |

Айылдын кадырлуу имамына күтүүсүз белек тапшырылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында көп жылдык эмгек бааланды. Айылдын жергиликтүү тургуну Нурбек Аканов коомчулукка тынчтык, биримдик жана руханий тарбия берүүдө зор салым кошуп келген «Ислам Абад» жума мечитинин имамы Шекербек ажы Сатаровго 2010-жылы чыгарылган LADA үлгүсүндөгү автоунаа белекке кылды.

Шекербек ажы 1990-жылдан бери айыл мечитинде имамдык кызматын өтөп келет. Элдин жакшылыгында да, жамандыгында да калк менен бирге жүрүп, жаштарды тынымсыз ыйманга үндөп тарбиялап келген кадырлуу дин кызматкери учурда 72 жашта.

Белек тапшырылган учурда айыл аксакалы, ардактуу имам Шекербек ажы Сатаров балбандарга ыраазычылык билдирип, унаа анын күнүмдүк ишин жеңилдетип, элге кызматын мындан ары да үзгүлтүксүз улантууга чоң жардам болорун белгилеп, ак батасын берди.

Айыл тургундары бул кайрымдуу кадамды “эмгекке болгон чыныгы урмат” деп баалап, руханий кызматты сыйлоонун көркөм үлгүсү катары кабыл алышты.