Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 16.09.2025
  • |

Аксыда ата-энесинен ажыраган жети бир тууганга колдоо көрсөтүлдү

Аксы райондук хатибияты "Жакшылыкта жарышуу" фонду менен биргеликте Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Тегене айылындагы ата-энесинен ажыраган жети бир тууганга жардам көрсөттү. Аларга музоосу менен саан уй жана күнүмдүк азык-түлүктөр тапшырылды.

Кайрымдуулук иш-чара Кербен шаарындагы «Шаажалил» мечитинде өтүп, ага фонддун кызматкерлери жана Аксы районунун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков катышты.

Мырзабек ажы өз сөзүндө учурда балдар чоң ата жана чоң энесинин карамагында тарбияланып жатканын белгилеп, жардам көрсөткөн берешен инсандарга ыраазычылык билдирип:

«Бул балдар келечекте ыймандуу, акылдуу болуп өсүп, элибизге кызмат кылган мыкты уул-кыздардан болсун. Мамлекетибизде тынчтык, береке жана өсүп-өнүгүү болсун», — деп дуба кылды.

Аталган кайрымдуулук демилгеси жергиликтүү тургундар тарабынан жылуу кабыл алынып, коомчулуктун биримдигин жана муктаждарга болгон камкордугун дагы бир жолу айгинеледи.