Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков 1989-жылы туулган жигиттер тарабынан Гүлчөдө 150 орундуу жаңы мечит салынгандыгын билдирди.
Ачылыш аземине Алай районунун акими Чынгыз Бапаев баштаган мекеме жетекчилери, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Максатбек ажы Токтомушев, Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Мухаммадсали ажы Рахмидинов, Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков баштаган имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аталган мечит Гүлчө айылында жайгашкан болуп, "Раев Азимбай" аты менен КР Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги тарабынан 0030-ОИ номеринде мамлекеттик каттоодон өткөн.
Курулуш иштери 4 айдын ичинде аяктап, жалпы 2 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалып, аталган каражат Гүлчө айылынын 1989-жылы туулган жигиттер тарабынан каржыланып берилген.