«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Регионы | 06.03.2026
  • |

Азирети Муфтийдин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары дайындалды

Исмаилов Жунус Жусупович Азирети Муфтийдин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.

Жунус Исмаиловдун өмүр таржымалы:

Исмаилов Жунус Жусупович 1980-жылдын 11-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Чолок айылында туулган.

1987-жылы №40 «Молодая Гвардия» орто мектебинин 1-В орус классына кабыл алынып, 1997-жылы аталган мектепти ийгиликтүү аяктаган.

1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетине тапшырып, 2002-жылы “дин таануучу” адистиги боюнча жогорку билим алып, дипломго ээ болгон.

Эмгек жолун 2003-жылы Сузак районунун Жаңы-Дыйкан орто мектебинде ага окутуучу болуу менен баштаган. 2007-жылы А.П. Гайдар атындагы орто мектебинде ага окутуучу болуп эмгектенген. 2008-жылы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн  кадрлар бөлүмүнүн убактылуу башчысы болуп иштеген.

2010-жылы Кара-Чолок айылынын имам-хатиби болуп дайындалып, 2011-жылы Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын даават боюнча адиси болуп кызмат кылган.

2014-жылы Курманбек айыл өкмөтүнүн имам-хатиби болуп иштеп, 2015-жылы Сузак районунун баш имам-хатиби болуп дайындалган. 2022-жылы Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби болуп эмгектенип, 2024-жылдан тартып кайрадан Сузак районунун баш имам-хатиби болуп, кызматын уланткан.