«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Регионы | 09.03.2026
  • |

Бакай-Атадагы бардык мечиттер китеп бурчтары менен камсыздалды

2026-жылдын I кварталында Бакай-Ата районундагы бардык мечиттерде Азирети Муфтийдин тапшырмасынын негизинде китеп бурчтары ачылды.

Китеп бурчтар мечит жамаат үчүн толук жеткиликтүү болуп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан тастыкталган диний адабияттар менен камсыздалды. 

Бардык китептердин мазмуну алдын ала текшерилип, уруксат берилген адабияттар гана жайгаштырылды.

“Муфтият жетекчилигинин тапшырмасынын негизинде китеп бурчтарынын уюштурулушу Бакай-Ата районунун хатибияты тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Бул иш-чаралар диний билимди кеңейтүүгө, руханий тарбияны бекемдөөгө жана диний адабияттардын мазмундук коопсуздугун камсыз кылууну максат кылат”, – деп билдирди Бакай-Ата районунун баш имам хатибинин орун басарынын милдетин аткаруучу Мирбек Жолдошбеков.