«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Регионы | 05.03.2026
  • |

Баткен: Кызыл-Кыя шаарына баш имам-хатиб дайындалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу болуп Ташматов Абдулмалик Абдимиталипович дайындалды. Тийиштүү буйрукка Азирети Муфтий Абдилазиз кары Закиров кол койгон.

Жаңы дайындалган баш имам-хатибдин милдетин аткаруучусун хатибият жамаатына Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу тааныштырды. Тааныштыруу учурунда өкүл жаңы кызматка киришип жаткан Абдималик карыга ийгиликтерди каалап, жооптуу ишинде ийгилик, сабырдуулук жана берекелүү кызмат өтөөсүн тиледи.

Өмүр таржымалы:

Ташматов Абдулмалик Абдимиталипович 1989-жылдын 26-августунда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылында туулган.

Билими:

2002–2006-жылдары “Атаназар Каары” медресесинде билим алып, Ыйык Куранды толук жаттаган (хафиз).

2006–2008-жылдары “Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы” медресесинде диний билим алган.

2010–2018-жылдары Египет Араб Республикасындагы Аль-Азхар университетинин Усуль ад-дин факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Мындан тышкары, мисирлик шейхтерден Курандын он кырааты боюнча ижаза алган.

2020–2022-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология багыты боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Эмгек тажрыйбасы:

2019–2022-жылдары Бишкек шаарындагы Куран академиясында мугалим болуп эмгектенген.

2022–2025-жылдары ошол эле Куран академиясында мүдүр кызматын аркалаган.

2025-жылдан тарта Ноокат районундагы “Борбаш” медресесинин мүдүрүнүн орун басары болуп иштеген.

Үй-бүлөлүү, эки кыз жана бир уулдун атасы.

Айта кетсек, Кызыл-Кыя шаарынын мурдагы баш имам-хатибинин м.а. Нийматилла ажы Топчиев Талас облусуна Азирети Муфтийдин өкүлү кызматына дайындалган.