Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын жылдык иш-планына ылайык, Баткен шаарындагы борбордук мечитте радикализм, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу багытында имамдар жана дин кызматкерлерине арналган бир күндүк семинар өткөрүлдү.
Семинарга Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Баткен районунун жана шаарынын баш имам-хатиби Сейдахмад ажы Аппазов, ошондой эле дин кызматкерлери катышты.
Нуридин ажы Мамасабиров өз сөзүндө экстремизм менен радикализмдин кооптуулугуна токтолуп, ислам дини ашыкча берилүүнү колдобой турганын белгиледи. Ошондой эле ал дин кызматкерлерин коомчулукту туура ишенимге чакырууга жана жаштарды терс диний агымдардан сактоого өзгөчө көңүл бурууга үндөдү.
Ал эми Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиев акыйда темасында лекция окуп, имамдардын диний билимдерин өркүндөтүүнүн жана туура ишенимдин коомдогу ынтымакты бекемдөөгө тийгизген маанисин баса белгиледи. Ошондой эле акыйда жаатында илимди тереңдетүү мезгил талабы экенин айтты.
Семинардын негизги максаты — имамдардын билимин жогорулатуу, экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү жана коомчулукка Ханафи мазхабы менен Матуриди акыйдасын жайылтуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле семинар Кадамжай районунун дин кызматкерлерине өткөрүлгөн. Ал эми 20-август күнү Лейлек районунун имамдарына уюштурулмакчы.