Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун атайын буйругунун негизинде Баткен шаарында имамдар үчүн окутуу семинары өткөрүлдү. Иш-чараны Баткен облустук казыяты ААК “МБанк” Ислам терезеси жана Шарияттык кеңеши менен биргеликте уюштурду.
Бул окутуунун негизги максаты – дин кызматкерлеринин диний жана финансылык билимин өркүндөтүү, аймактагы диний туруктуулукту чыңдоо, радикал агымдардын алдын алуу, ошондой эле ханафи мазхабы менен матуриди акыйдасынын негиздерин бекемдөө болуп саналат.
Семинарга Баткен жана Лейлек райондорунун, Сүлүктү шаарынын баш имам-хатибдери жана айыл имамдары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө бир нече маанилүү темалар каралып, катышуучуларга терең түшүндүрмө жана маалыматтар берилди.
ААК “МБанк” Ислам терезесинин өкүлдөрү Ислам банкингинин негиздери, анын салттуу банк системасынан айырмачылыктары жана шариятка шайкеш каржылык кызматтар тууралуу кеңири баяндама жасашты. Алар исламда пайыз (риба) түшүнүгү, пайда жана тобокелдикти бөлүшүү принциби, каржылык келишимдердин шарияттык жактары тууралуу түшүндүрмө беришти.
Семинарда белгилүү дин аалымдары да катышып, маанилүү баяндамалар менен чыгышты. Таажжудин ажы Эшанкулов ислам дининдеги каржылык мамилелер, акча жана адал табуу боюнча айтып, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп берди. Ал эми Олжобай ажы Алимбеков исламдагы акча менен мамиле кылуу пайыз (риба), соода-сатыктагы адилеттүүлүк, аманат жана жоопкерчилик тууралуу терең маалымат берди.
Семинардын жүрүшүндө имамдар арасындагы пикир алмашуу жандуу өтүп, катышуучулар тарабынан бир катар суроолор жана жоптор менен коштолду. Мындай окутуу-семинары аймактагы диний кызматкерлердин билим деңгээлин жана коомдун суроо талабын канааттандырганга чоң өбөлгө түзөрү белгиленди.
Ушул эле иш-чара бүгүн, 27-май күнү Кадамжай районунда өтүп, ага Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларынын имамдары катышат.