Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматовдун тапшырмасына ылайык мечиттерди зыярат кылуу жана текшерүү иши жүргүзүлүп жатат.
Мечиттердин тазалыгын, материалдык базасын жана иш тартиптерин текшерүү боюнча түзүлгөн атайын комиссия үстүбүздөгү жылдын 24-июлуна чейин текшерет.
Комиссия курамында казы орун басары Эрмат ажы Дарвешов, Бишкек казыятынын бухгалтери Расул ажы Сариев, Бишкек казыятынын катчы жана кадр адиси Куштарбек ажы Маматов, Бишкек казыятынын мечттер боюнча адиси Кубаныч Нурзатбек уулу, Свердлов районунун баш имам-хатиби Уланбек ажы Курманбаев, Октябрь районунун баш имам-хатиби Таштемир Эшматов, 1-май районунун баш имам-хатибинин орун басары Махамадин Разыков, Ленин районунун баш имам-хатибинин орун басары Болот Кулуевдер бар.