«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Регионы | 16.06.2025
  • |

Чаткалда имамдар арасында спорттук оюндар уюштурулду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Кызыл-Токой айылында Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл өкмөттөрүнүн имамдарынын катышуусунда спорттук «ынтымак оюну» өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында футбол жана стол тенниси боюнча мелдештер уюштурулуп, катышуучулар оюнга активдүү түрдө катышты. Жеңүүчүлөргө атайын даярдалган сыйлыктар тапшырылып, аларды шыктандыруу менен бирге биримдик жана ынтымакты бекемдөө жаатында жылуу пикирлер айтылды.

Иш-чаранын негизги максаты – имамдардын өз ара таанышып, тыгыз байланышта иш алып баруусуна жана ынтымакта кызматташуусуна өбөлгө түзүү.

Оюн соңунда катышуучулар үчүн сый-тамак уюштурулуп, иш-чара жагымдуу маанайда жыйынтыкталды.