Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 09.10.2025
  • |

Ден соолук: Мечиттерге кан басымды өлчөөчү атайын жабдыктар берилди

Кечээ, 8-октябрда М.Мирахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун имамдарына багытталган жыйын болуп өттү. Иш-чарада Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Талантбек Сооронбаев лекция окуду. Лекцияда имамдарга саламаттыкты сактоо, өз убагында текшерүүдөн өтүүнүн мааниси жана кан басымды туура өлчөөнүн жолдору боюнча кеңири маалымат берилди.

Саамалыкка Бишкек казыятына караштуу райондук баш имам-хатибдер, мечит имамдары, ошондой эле Чүй облусунун имамдары катышты. Иш-чара жүрүшүндө адистер имамдарга кан басымды кантип жана кайсы учурда туура өлчөө керектигин практикалык түрдө көрсөтүп берилди. Мындан тышкары, бир катар мечиттерге кан басымды өлчөөчү атайын аппараттар тапшырылды.

Жыйын жалпы элдин саламаттыгы үчүн дуба кылуу менен жыйынтыкталды.