“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуровдун демилгеси менен дин кызматкерлерин колдоо максатында кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.
Анда диний кызматта эмгектенип келе жаткан 40 кызматкерге тамак-аш азык-түлүктөрү таратылды.
«Бул жолку кайрымдуулук иш-чарасында дин кызматкерлерин эске алып, аларга карата аз да болсо колдоо болсун деген максатта тамак-аш азык-түлүктөрүн тапшырдык. Биздин демилгебизди колдоп жаткан "Эмират" кайрымдуулук фондуна да терең ыраазычылык билдиребиз. Анткени бул жылы алар менен Алай менен Чоң-Алай райондорунда масштабдуу кайрымдуулук иш-чараларын өткөрдүк. Буйруса, алдыда дагы да жакшы пландар бар», – деди Султанали ажы Гапуров.
Ошондой эле, учурда дин кызматкерлеринин эмгектерин баалап, аларга КМДБ жана эл тарабынан да колдоо болуп жаткандыгын кошумчалады.