«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Регионы | 04.03.2026
  • |

Кара-Сууда имамга жергиликтүү тургундар автоунаа белек кылышты

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Исак ажы Юнусов Манас айыл өкмөтүнүн Осмон айылында жайгашкан "Осмон" мечитинин имамы Нурдин Амраевге жергиликтүү тургундар автоунаа белек кылышкандыгын билдирди. 

"Нурдин дамланын эмгегин баалап, авто унаа белек кылган жергиликтүү тургундардан Аллахым ыраазы болсун. Элдин имамдарды колдоп жаткан жөрөлгөсү жер-жерлерде болуп жаткандыгы баарыбызды кубандырат", – деди Исак ажы Юнусов.

Айта кетсек, имамдын бул мечитте иштегенине 2 жыл болгон. Ушул убакыт аралыгында эл менен тыгыз иштешип, диний баалуулуктарды жеткирүүдө зор эмгек сиңирген.