"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы «Жабир» кыздар медресесинде аялдар үчүн атайын «Бейиш» окуу курсунун ачылышы болуп, ага Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров жана Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаевдер катышты.
Аталган окуу курсу Ала-Тоо айыл өкмөтүндөгү Кашкар-Кыштак айылында ачылып, жергиликтүү кыз-келиндер, энелер үчүн Куран курсу уюштурулат.
«Бала тарбиясында эненин орду чоң. «Эне – бул медресе», «эне – үйдүн куту» деп бекеринен айтылган эмес. Буйруса бул жерден жергиликтүү аялдар илим алгандан кийин бала тарбиясы, кайнене-келин жана жубайлар ортосундагы ынтымак бекемделип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон мамилелери жакшырат деп ишенебиз», – деди Султанали ажы Гапуров.
Ал эми муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев аталган курстун акжолтой болушуна тилектештигин билдирип, бул курс үй-бүлө институтунун бекемделишине салым кошоруна ишеним артты.
Айта кетсек, окуу курсунда 5 чакан комната, бир жыйындар залы бар. Ошондой эле, даарат алууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.