«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан «Ильфат» окуу борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын ыйман жана баян сабактары өткөрүлдү.
Бул саамалыкта өзгөчө көңүл угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бурулуп, алар үчүн атайын даярдалган котормочу ишара тили аркылуу сабактарды түшүндүрүп турду. Бул демилге мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын да диний билимге жетүүсүнө шарт түзүүдө маанилүү кадам болду.
Иш-чараны диний аалым Ниматулла ажы Рыскулов өз жамааты менен биргеликте уюштурду. Ал бул багытта өлкөнүн ар кайсы облустарын кыдырып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыйман жана насаат сабактарын өткөрүп келе жатканын белгиледи.
Сабакка казынын орун басары Алмаз ажы Сагындыков, «Мухтарулло» мечитинин имамы Мирлан Орузбаев жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты.
Катышуучулар мындай иш-чаралар өзгөчө муктаждыгы бар жарандар үчүн абдан маанилүү экенин белгилешип, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдиришти.