"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы аймактык түзүмдөрүнүн ишин өркүндөтүү багытында маанилүү реформаларды ишке ашырууда.
КМДБнын Азирети Муфтийинин тапшырмасынын негизинде, райондук жана шаардык хатибияттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, иш кагаздарын санариптештирүү жана кызматкерлер үчүн тийиштүү шарттарды түзүү максатында жаңы демилге башталды.
Чечимдин алкагында:
- КМДБнын түзүмүнө кирген райондук жана шаардык хатибияттардын имараттарында заманбап талаптарга жооп берген кызматтык кеңселер (офистер) даярдалууда;
- Кеңселер заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, иш процесстерин натыйжалуу уюштурууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт;
- Документ жүгүртүү системасы иретке келтирилип, кат алышуу жаңы деңгээлге көтөрүлөт.
Бул демилге дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетип гана тим болбостон, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле коомчулук менен байланышты чыңдоого, ачык-айкындуулукту камсыздоого жана ишенимди арттырууга багытталган.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы мындан ары да өз ишмердүүлүгүн заман талабына ылайык өнүктүрүүнү улантып, диний тармактагы башкарууну системалуу түрдө жакшыртууну максат кылат.