«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Регионы | 05.03.2026
  • |

Нийматилла ажы Топчиев Манас районунун акими Бакытбек Сүйүнбаев менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев иш сапары менен Манас жана Айтматов райондоруна барды. Иш сапардын алкагында Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бакытбек Сүйүнбаевдин кабыл алуусунда болду. Жолугушуу жылуу форматта өтүп, аким дин тармагында жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баа берерин билдирип, мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. 

Иш сапарын улай Манас районунун хатибият кеңсеси менен таанышып, райондун имамдары менен жыйын өткөрдү. Жолугушууда имамдар менен таанышуу болуп, муфтияттан келген буйруктарды жана фатваларды так аткаруу, жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп берүү, ошондой эле имамдык милдеттерди жоопкерчилик менен аткаруу боюнча талаптар берилди.

Андан соң иш сапар Айтматов районунда улантылып, райондук хатибияттын учурдагы кеңсеси жана жаңы салынып жаткан имараты менен таанышып чыкты. Ошондой эле Айтматов районунун имамдары менен да ушундай форматтагы жолугушуу өтүп, диний кызматтын сапатын жогорулатуу, тартипти бекем сактоо жана коомчулук менен тыгыз иш алып баруу маселелери каралды. 

КМДБнын Талас облусундагы өкүлү Топчиев Нийматилла ажы имамдардын суроолоруна жооп берүү менен жыйынтыкталып, муфтияттын талаптарын жеринде жеткирүүгө жана иштин сапатын мындан ары дагы жогоруку деңгээлде аткарууга чакырды.