«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Регионы | 04.03.2026
  • |

Ноокат: «Билерман ордо» интеллектуалдык оюнунда имамдар командасы 1-орунду ээледи

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар ажы Жапаров Төөлөс жаштар кеңешинин демилгеси менен өткөрүлгөн Билерман ордо интеллектуалдык оюнунда Төөлөс имамдар командасы 1-орунду ээлегендигин билдирди.

Аталган Билерман ордо интеллектуалдык оюнуна айыл өкмөт кызматкерлери, китеп сүйүүчүлөр, мугалимдер, имамдар жана активисттер болуп жалпысынан 12 команда катышып, анда имамдар командасы 1-орунду ээлеген.

"Буга чейин районубузда имамдарыбыз спорттук мелдештерде да биринчиликти алып келишкен. Мына эми Төөлөс аймагынын имамдары болсо, билим таймашында да биринчиликти алып, дин кызматкерлеринин активдүү экендигин далилдеп турушат. Уюштуруучулардан Аллахым ыраазы болсун", – деди Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек,  иш-чараны «Билерман ордо» клубунун жетекчиси Талант Канатбек уулу алып барды.