«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Бүгүн, 20-ноябрь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Үч бай айылындагы "Үч-Бай" мечитинин имамы Бакытбек Абдыбековго айыл жаштары "Tivoli" үлгүсүндөгү унааны белек кылышты. Бул тууралуу райондун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров маалымдады.
"Үч-Бай мечитинде 20 жыл эмгектенген Бакытбек Абдыбеков дамлабыздын эмгегин эл баалап, айыл жаштары уюшуп "Tivoli" үлгүсүндөгү унааны белек кылышты. Аллахым демөөрчү жаштарыбыздан ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.