"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 23.04.2026
  • |

Ноокат жана Аравандагы болочок ажыларга атайын сабак уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 21-22-апрель күндөрү Ош облусунун Ноокат жана Араван районундагы болочок ажыларга сабак уюштурулду.

Аталган сабактарды Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров өтүп, ажылык сапарынын жүрүшүндөгү тартип эрежелерин сактоо жана ибадатты так аткаруу боюнча баса белгилеп өттү.

"Ажылык ибадатын аткаруудагы негизги маселелер боюнча ажы башчылар өз группаларына өтүлгөн сабактарда айтып келе жатат. Биз ошонун натыйжасын көрөлү деп райондорду кыдырып, сабактарды уюштуруудабыз. Ошондой эле, сапардагы жүрүм-турум, тартип эрежелери боюнча да бир канча маселелерди айтып жатабыз. Сапардын өзүнө жараша кыйынчылыгы болгондуктан, ажы башчыга баш ийип, убакытка так болуу менен бирге, ар бир ишке сабырдуулук менен мамиле кылууңуздар керек", – деди Султанали ажы Гапуров.

Айта кетсек, Ноокат районунан 780 жаран ажылык сапарга аттанган, аларга Гүлистан аймагындагы "Бостон" мечитинде сабак өтүлгөн болсо, Араван районунан ажылык сапарга баруучу 286 жаранга райондун борбордук "Рохма" мечитинде болуп өттү. Буга чейин 1-2-апрель күндөрү Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн районунан ажылык сапарга аттанган болочок ажыларга сабактар өтүлгөн.