Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төөлөс айылында райондук баш имам-хатибдин орун басары Имамидин ажы Мамасадыковдун уюштуруусунда 2 километрге жакын жолго асфальт төшөлүп, жолго ар дайым кайрымдуулук иштерин өткөрүүдө көмөк көрсөтүп келген маркум Калык Абдилазизов мырзанын аты берилди.
Аталган жолду айыл өкмөт жана эл 50% пайыздан каржылап бүткөрүштү. Эл тарабынан каражат чогултуу иштерин Имамидин ажы Мамасадыков уюштуруп, жолду бүткөрүүгө зор салымын кошкон.
Жолго асфальт төшөлүп бүткөн соң, расмий ачылышы болуп, ага Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров катышып, жол салуунун сообу боюнча айтып өттү.
"Адам өмүрү бүтсө да, артынан баруучу сооптору үзгүлтүксүз жетип туруучу иштер – бул коомго пайдасы тийген жол, көпүрө, мектеп, бала-бакча, мечит-медресе ж.б. социалдык объектилерди куруу болуп саналат. Буйруса ким канча салым кошсо, сообу үзгүлтүксүз барып турат. Ошондой эле, жол салууда кызмат кылып, элди уюштурган Имамидин дамладан да Аллахым ыраазы болсун", – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.
Айта кетсек, аталган жолдун элүү пайызын, тагыраак айтканда 5 млн сом акчалай каражат эл тарабынан чогултулду.