"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров Ак-Талаа районуна иш сапары менен барды. Алгач райондун акими Мирлан Камчыбеков менен жолугушуп, Ак-Талаа районундагы диний абал тууралуу пикир алышты.
Аким район аймагында диний кырдаал туруктуу экенин айтып, баш имам-хатиб менен кандайдыр иш болсо тыгыз кызматташып жаткандыгын белгиледи.
Азирети Муфтийдин аймактагы өкүлү өз сөзүндө Талаа районундагы айрым документи бүтпөй жаткан мечиттерди каттоодо биргеликте аракет кылууга чакырып өттү. Мындан сырткары, кандайдыр бир иш болсо ар дайым тыгыз иш алып барууга даяр экенин айтты. Ошондой эле имамдардын жыйынын акимият залында уюштуруп, айыл имамдарынын тиешелүү маселерин жеринде чечүүгө аянтча түзгөнү үчүн ыраазычылыгын айтып өттү.
Андан соң Нуридин ажы Мамасабиров Ак-Талаа районунун имамдарына багытталган жалпы жыйын өткөрдү. Жыйындын башкы максаты КР Президентинин тиешелүү Жарылыктарын аткарууга алуу, өзгөчө маркумду акыркы сапарга узатуудагы ысырапкерчиликти алдын алуу, муфтият тарабынан чыккан фатваларды жүзөгө ашыруу тууралуу маалымат угуу болду. Ошону менен катар Ак-Талаа району боюнча 2 мечит жана 8 намазкананы каттоодон өтпөй тургандыгы тууралуу маалымат суралды.
Тийиштүү тапшырмалар канчалык деңгээлде аткарылып жатканы боюнча район баш имам-хатибинин м.а. Каныбек Айбек уулу буларды билдирди: «Ак-Талаа районунда колдон келишинче ысырапкерчиликти алдын алуу процесси жүрүп жатат. Ал эми кабырларды жеке курчоодон арылтуу үчүн ашар жолу менен 600 метрлик сырткы тосмолор тосулуп жатат. Мындан тышкары, Кара-Бүргөн айылында да ушундай иштер айыл тургундары менен аткарылууда. Бул сырт тосмолор тосулса, ички жасалгалуу тосмолор андай мааниге ээ эмес болуп калат. Ошондой эле жума күндөрү Кахф сүрөсү окулуп, жума баяндар өтүлүп жатат».
Ал эми Коңорчок айылынын имамы Жаныбек Мамытбеков бул маселеге токтолду: «Азыркы күндө айыл тургундарынын демөөрчүлүгү аркасында 1300 метр жер тосулду. Мындан тышкары, буга чейин маркумду узатууда 2-3 бодо мал союлуп келсе, азыр 1 союштан ашпай калды. Бул жагынан да акырындык менен жылыштар бар».
Диний өкүл ар бир имамдын аткарылып жаткан иштерин угуу менен көйгөйлөрүн да угуп, маселери болсо тез арада биргеликте чечүүгө аракет кыларын айтып өттү.
Жыйында өкүлчүлүктүн катчысы Фасахидин Халимов муфтият тарабынан келген тапшырмаларга токтолду. Ал өз сөзүндө тиешелүү жобого туура келбесе, диний лагерлерди уюштурууга болбой турганын айтты. Мындан тышкары 16-майга чейин ишембиликтерди ар жума сайын өткөрүп турууну эскертти.
Өкүлчүлүктүн маалымат адиси Эрнис Уметов маалымат жактан артта калбоо жана маалыматты ыкчам алып баруу, ошондой эле материалдарды сапаттуу даярдоону көрсөтүп берди.
Жыйындын жүрүшүндө өкүл Нуридин ажы Мамасабиров имамдардын сунуш-пикирлерин толук угуп бүткөн соң, айтылган бардык маселелер колдон келишинче тез арада чечүүгө аракет кыларын билдирди. Ошондой эле имамдардын кийим-кече маселесине да көңүл бурууга чакырды.
Жыйын диалог форматта жыйынтыкталды.
Айта кетсек, жыйынга мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси Мирлан Темирбек уулу, өкүлчүлүктүн катчысы Фасихидин Халимов, мечиттер адиси Азаттык Оруналиев, баш имам-хатибдин м.а. Каныбек Айбек уулу катышты. Бул иш-чара облустагы бардык райондордо уюштурулмакчы.