«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Регионы | 04.03.2026
  • |

Нуридин ажы Мамасабиров: «Көркөм мүнөздү пайгамбарыбыздан гана алалы!»

Нарын районунун жана Нарын шаарынын баш имам-хатибинин м.а. Рустам Чыровдун демилгеси менен Нарын шаарындагы “Жакыпбек ата” мечитинде жамааттар арасында ынтымакты бекемдөө максатында “Исламдагы бир туугандык” аталышындагы жыйын уюштурулду. Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров, ошондой эле насаатчылар жана «Инкар-Йакын» агымынын мурдагы өкүлдөрү катышты.

Жыйындын башкы максаты — терс нукта жүргөн жамаат өкүлдөрүн мурдагы ой-пикирлеринен кайтууга чакырып, ынтымакка келүүгө үндөө болду.

Жыйында сөз сүйлөгөн Нуридин ажы: «Урматтуу момун мусулман бир туугандар! Биз ич ара ынтымакка келе албасак, башкаларды кантип ынтымакка, намазга чакыра алабыз? Намазыбыз, орозобуз бар болгону менен кулк-мүнөзүбүз жакшы болбой жатпайбы. Көркөм мүнөздү биз пайгамбарыбыздан гана ала алабыз. Биз экономикалык кризисте эмес, адеп-ахлактык кризистебиз. Мунун баары ынтымаксыздыктан болууда. Ичтеги кек сактоо адепти да, мүнөздү да бузат. Ошондуктан ынтымакты бекемдейли. Ошону менен катар илимге да убакыт бөлөлү», — деп баса белгиледи.

Мындан тышкары жыйында Куран жана хадистерден баяндар айтылып, насаат сөздөр коштолду.

Жыйын соңунда жамаат өкүлдөрү өз сунуш-пикирлерин билдиришип, өткөн-кеткен пикир келишпестиктерди унутуп, дин үчүн биргеликте иш алып барууга убада беришти.

Ошондой эле мындай иш-чараларды облустук деңгээлде Кочкор району, Жумгал району жана Ак-Талаа районунда уюштуруу пландалып жатканы айтылды. Мындан сырткары жамааттар арасында айына бир жолу сабак өткөрүп туруу боюнча да сунуштар берилди.