"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 23.04.2026
  • |

Нуридин ажы Мамасабиров Нарында курулуп жаткан 5 миң орундуу мечиттин курулушу менен таанышты

Бүгүн, 23-апрель күнү Азирети Муфтийдин Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров өздүк штат кызматкерлери жана «Азирети Али» мечитинин аксакалдары менен Нарын шаарында курулуп жаткан 5000 орундуу мечиттин курулушунан кабар алды. 

Алгач курулуш иштери менен таанышып, андан сон курушчуларга аксакалдар тарабынан тилек айтылып, кан чыгарылды. Ошону менен катар, мындан ары да кабар алып турарын диний өкүл айтып өттү.  

Маалымат иретинде айта турган болсок, мечиттин курулуш иши 2025-жылдын октябрь айында башталган. Курулуш иштери Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган дин кызматкерлеринин катышуусунда башталып, мезгил кутусу салынган. 

Аймактык диний өкүлчүлүктөн билдиришинче, мечиттин курулушу «Ас-Сафа» фондунун каржылоосунун негизинде жүрүп жатат. Бүткөрүп берүү мөөнөтү ушул жылдын октябрь айы деп белгиленген. Бул мечит бүткөрүлүп калса, облустук өкүлчүлүктүн башкы кеңсеси ушул жакка которулмакчы. Азыркы убакта жер төлөсү менен биринчи кабаттын жерпайы жана монолит иштери аяктап, экинчи кабатка камылга көрүлүп жаткан чак.