Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 10-июль күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын демилгеси менен шаардагы имамдар арасында “Дени сак имам – күчтүү коом” деген ураан алдында достук футбол мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин негизги максаты – имамдардын ортосундагы ынтымакты, биримдикти жана тыгыз кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле саламат жашоону жайылтуу болуп саналат.
Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн имамдарга Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышуучулар мындан ары да ушундай иш-чаралар улантыларын белгилешти.