"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 11.07.2025
  • |

Ош шаардык казыяты “Дени сак имам – күчтүү коом” аттуу спорттук мелдешин өткөрдү

Кечээ, 10-июль күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын демилгеси менен шаардагы имамдар арасында “Дени сак имам – күчтүү коом” деген ураан алдында достук футбол мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин негизги максаты – имамдардын ортосундагы ынтымакты, биримдикти жана тыгыз кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле саламат жашоону жайылтуу болуп саналат.

Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн имамдарга Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара жылуу маанайда өтүп, катышуучулар мындан ары да ушундай иш-чаралар улантыларын белгилешти.