"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 15-апрель күнү Ош шаарындагы УКМКнын чек ара кызматынын № 2024 аскер бөлүгүндө чек ара кызматкерлерине суициддин алдын алуу, адам өлтүрүүнүн күнөөлөрү, шарияттык укуктар, Мекенди коргоо жана мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Ахматбек Оморов жана чек ара кызматкерлери катышты.
Саамалыкта Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев ислам динин баалуулуктары, адам өлтүрүүнүн күнөөлөрү жана мекенди коргоонун ислам дининдеги ордуна токтолду.
«Пайгамбарыбыздын с.а.в бир хадисинде "Эки көз тозоктун отун көрбөйт: Аллахтан коркуп ыйлаган жана Аллах жолунда күзөттө турган көз" , – деп келет. Мына, сиздер бар бүгүнкү күндө биз тынч уйкуну өткөрүп жатабыз. Сиздер бар мамлекетибиз коопсуздукта болууда».
Ал эми улуттук агенттиктин ТАБ адиси Ахматбек Оморов дин багытындагы мыйзам актылары, мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, мамлекеттин дин иштериндеги коопсуздук көзөмөлү боюнча кеп кылды.