Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош шаарында аялдар үчүн "Үй-бүлө институтунун мааниси жана исламдагы орду" аталышындагы темада агартуу лекциясы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында аялдардын исламдык билим деңгээли, үй-бүлөдөгү орду, жубайлар ортосундагы адеп-ахлак, бала тарбиялоодагы жоопкерчилик жана ислам дининдеги үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Лекцияга Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев катышып, аялзатына адептүүлүк, сабырдуулук жана ибадат менен бекемделген үй-бүлө коомдун пайдубалын түзөрүн баса белгиледи.
Ал исламдагы аялдардын укуктары жана милдеттери тууралуу баяндама жасап, үй-бүлөнү бекем сактоодо аялзатынын ролу маанилүү экенин белгиледи.
Катышуучулар темага байланыштуу суроолорду берип, пайдалуу пикирлер менен бөлүштү.
Иш-чара аягында катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралар көп өткөрүлүшү керектигин баса белгилешти.