Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 01.05.2025
  • |

Панфилов районунда имамга автокөөлүк белек кылынды

Чүй облусунун Панфилов районундагы Букара айылынын тургундары айыл имамы Мирлан Курманалиев урмат-сый көрсөтүп, ага Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. 

Бул белек имамдын айыл жашоочуларына көрсөткөн эмгегине, динге жана коомчулукка кылган кызматтарына ыраазычылык катары берилди. Айыл тургундары имамдын талыкпаган аракети, ак ниети жана эл арасындагы ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымы зор экенин, анын кызматтары ар дайым баалуу экенин белгилешти. 

Өз кезегинде Мирлан Курманалиев бул белекке ыраазычылык билдирип, мындан ары да эл үчүн талбай кызмат кылууга даяр экенин айтты.