Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 04.11.2025
  • |

Шакир ажы Маматов республикалык Куран жарышка Бишкектен катышкан карыларды сыйлады

Бишкек шаарынын казыяты тарабынан 3-республикалык Куран жарышка катышып, байгелүү орундарды ээлеген карыларды сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чарада Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов катышуучуларды жарыштагы жетишкендиктери үчүн куттуктап, карылардын коомдогу орду жана алардын ата-энелеринин даражасы тууралуу таасирдүү насаат айтты. Ал өз сөзүндө: “Ким Куранды жаттаса жана ага амал кылса, ошол карынын ата-энесине Кыяматта алтын таажы кийгизилет”, — деп Курандын улуулугун жана ага кызмат кылуунун сыйын баса белгиледи.

Жарышта байгелүү орун алган карыларга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар, ал эми катышуучуларга ыраазычылык баракчалары жана сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле карылардын устаздарына да белектер ыйгарылды.

Сыйлоо аземинин соңунда Шакир ажы дагы бир ирет бардык катышуучуларды куттуктап, дуба кылуу менен иш-чара жыйынтыкталды.

Айта кетсек, 2025-жылдын 27–29-октябрь күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Сауд Араб Падышалыгынын кызматташтыгы менен өткөн. Анда кыз-келиндер боюнча 30 парадан Бишкек шаарынан Мухсина Лойикова катышып жеңүүчү аталса, мырзалар боюнча ордо калаанын атынан 30 пара боюнча Фирдавс кары Умаров 2-орунду алса, 15 пара боюнча Муса Мирбеков жеңүүчү болгон.