Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”. Абу Дауд:1134
Азиретти Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиевдин жетекчилиги алдында өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жана райондук-шаардык баш имам-хатибдерге багытталган жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө Сокулук районунун мурунку баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаевди ардактуу эс алууга узатуу аземи болду. Көп жылдар бою үзүрлүү эмгек кылып, диний тармакта талыкпай кызмат өтөгөн имам-хатибдин коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты сактоодогу жигердүү эмгеги жана ислам дининин өнүгүшүнө кошкон зор салымы өзгөчө белгиленди.
Сулумбек ажы Узеналиев өз сөзүндө Икрам ажынын эмгеги жаш дин кызматкерлери үчүн үлгү экенин айтып, ага бекем ден соолук, узак өмүр каалады. Ошондой эле жыйындын катышуучулары ардактуу имам-хатибге ыраазычылык билдирип, ак баталарын беришти.
Ошондой эле Икрам ажыга көп жылдык ак ниет кызматы үчүн КМДБнын атынан “Ардактуу баш имам-хатиб” номинациясы салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Бул жыйын дин кызматкерлеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө жана диний баалуулуктарды жайылтуудагы үзүрлүү ишмердүүлүктү улантууга багытталган маанилүү иш-чара болгонун аймактык диний өкүлчүлүктөн билдиришти.