"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиги жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы ордо калаа тургундарын жана конокторун улуу Орозо айт майрамы менен куттуктады. Орозо айттын алкагында, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен борбор калаадагы №38, №166 жана №203 автобустары саат: 12:00 гө чейин жүргүнчүлөрдү бекер ташыды.
«Орозо жана Курман айт майрамдары исламдагы улуу кош майрам. Азирети Муфтийдин тапшырмасы менен, Орозо айт күнү шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулап, аянтта окула турган айт намазга келген жана майрамдык намаздан кайткан момун-мусулмандарды акысыз тейлесин деген аруу тилек менен үч линиядагы автобустарга бекер каттам уюштурдук. №38, №166 жана №203 автобустары жүргүнчүлөргө эрте менен 05:00 ден тарта түшкү 12:00 ге чейин бекер кызмат көрсөттү. Иш-чаранын максаты – айт намазын даңазалоо, руханий шаңын сездирүү, намазга ашыккан жарандарга кубаныч тартуулоо», – деп билдирди уюштуруучулардан Толкунбек ажы Жуманов.
Айтка арналган акцияда автобустарга «Орозо айтыңыздар маарек болсун!» деген жазуулар тагылып, майрамдык шарлар илинди. Ошондой эле ар бир жүргүнчүгө;
«Айтыңыздар маарек болсун!»
«Орозоңуздар кабыл болсун!»
«Жумаңыздар маарек болсун!»
«Муфтият сиздерди айт майрамы менен куттуктайт!»
«Бүгүн түшкө чейин жол акы алынбайт!»
«Айт майрамыңыз көңүлдүү өтсүн!»
«Муфтият айтыңыздар менен куттуктап жатат!»
«Өлкөбүз жана элибиз үчүн дуба кылалы!»
«Эгем Таалам эгемендигибизди түбөлүк кылсын!» деген сыяктуу майрамдык бата сөздөр айтылып, таттуулар таратылды.
Ушундай эле акция Чүй облусундагы жана Ош шаарындагы айрым каттамдарда да уюштурулуп, жарандарга көңүлдүү маанай тартууланды.