Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 14-октябрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров Кара-Кулжа районуна караштуу Алайку айыл өкмөтүндөгү Күйө-Таш айылдык маданият үйүндө жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, төмөнкү маселелер боюнча өз баяндамасын жасады.
- КР Президентинин Жарлыктарынын негизинде маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөк коюуда, той-аштарда ысырапкорчулукка жол бербөө;
- Салттуу исламдын каада-салтыбызга болгон шайкештиги;
- Үй-бүлө баалуулуктары;
- Кайрымдуулук иштерин аткарууга аракеттенүү;
- Бала тарбиясында жоопкерчиликтүү болуу;
- Ата-энени сыйлоо, картайганда кызматын кылуу;
- Зордук-зомбулуктун алдын алуу.
"Маркумдун артынан сообу тийүүчү кайрымдуулук, эл-журтка чай берип, ак батасын алуу менен гана чектелбейт. Кайрымдуулуктун түрү өтө көп жана учурда элибиз ага муктаж. Айта кетсек, колу жука кошунага, туугандарга колдоо көрсөтүү, жолубузду оңдоо, мечитибизде ибадатка ыңгайлуу шарттарды түзүү, мектепке окуу куралдарын алып берүү сыяктуу көпчүлүк колдоно турган сообу үзгүлтүксүз баруучу нерселер абдан көп. Ошондой эле, учурда бала тарбиялоодо жоопкерчиликтүү болуу керек. Учурда балдарыбыз телефон колдонуп, көп жакшы-жаман адаттарды үйрөнүп жатышат. Аны көзөмөлгө алуу ар бир ата-эненин милдети болгондуктан, кайдыгер калтырбаңыздар", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.
Жыйындын соңунда жергиликтүү тургундар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдирип, кызыккан диний суроолорун беришти.